Тамчы-Корумду жолу али көп сырды аччудай. Дегеним, транспорт министри Замирбек Айдаровдун дагы аталган тендерге байланышкан чуулгандуу иштеринин учугу чыкты. Көрсө бул эргул аталган министрликке тиешелүү жол чарба департаментинин директору болуп турганда далай иштин көзүн будамайлаганы чынбы? Кантип эле мындай лөктөр табактагы ашка кол учун тийгизбей калдык экен деп коомчулук бүшүркөп аткан. Чындыктын ышкырыгы эми анык сыздайт өңдөнөт. Айдаров албетте, мен акмын акыйнегин айтаары турган иш. Бирок өкмөттүн укуругу узун да, кайда качып кутулмак эле? Кызыктын баары эми башталганы туру.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ