Menu

Сыр сатканбы же сыр катканбы?

Бөлүшүү:

Ушу жуманын башында активист Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйын өткөрүп, саясий активист Адил Турдукуловду тыңчылыкка (шпион) шектүү адам катары атады. Атүгүл тиешелүү органдар суракка чакырса, далилдеп берээрин дагы баса белгилеп өттү. 

Бул боюнча Турдукуловго байланышканыбызда ал: «Жаркынбектин бир тууган карындашы менин жубайым эле. Тилекке каршы, эки жыл мурун ажырашып кеткенбиз. Ортобузда эки бала бар. Акыркы 1,5 жылдан бери келинчегим балдарым менен мени таптакыр жолуктурбайт. Бул боюнча тиешелүү органдарга кайрылып, алар мыйзам чегинде чечим чыгарышкан. Чечимге ылайык, мен балдарым менен айына 2 жолу жолугууга укуктуу элем. Кандай максат менен мени тыңчы атап жатканын так айта албайм. Далилдеп берем дептир, далилдесин, күтөлү! Канчалык караласаң, ошончолук эл көп ишенет деген логика менен каралап жаткандай таасир калтырууда. Ошол эле учурда эмне себептен улам мени тыңчы атап жатканы боюнча болжолдуу версияларым бар. Биринчиден, Жаркынбек Касымбеков бир учурда борбор калаанын Тез жардам кызматын жетектеген. Жетекчи болуп олтурган кезинде тендерди мыйзам бузуу жолу менен өткөрүп, жеке кызыкчылыгына байланыштуу иштерди жасагандыгы үчүн иш козголуп, учурда 1-май райондук сотунда каралып жатат. Мен бийликке сын айтып келгендигиме байланыштуу бул мени каралап, тиги ишин жабуу боюнча соодалашышы мүмкүн. Экинчиден, мени тыңчы деген жигиттин бир тууганы Бактыбек Касымбеков издөөгө алынып, 16 жылдан бери Австралияда качып жүрөт, Кыргызстанга келе элек. Атасынын бир тууганы Надырбек Бийсеев Жумгал районуна караштуу бир айыл өкмөттүн башчысы болуп турганда киши өлтүрүп алган. Бул боюнча иш козголуп, бирок кандайдыр бир табышмактуу жолдор менен иш жабылып, Надыр Бийсеев эркиндикте жүрөт. Аны менен катар дагы бир тууганы Догдурбек Бийсеев Опера балет театрында көркөм жетекчи болуп эмгектенип жүргөндө каражатты мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн иш козголуп, бирок бул иш дагы аягына чыккан эмес. Мен келинчегиме: «Эгер балдар менен жолуктурбасаң, бир туугандарыңа байланыштуу иштин баарын коомчулукка жарыя кылып чыгам»,- деп айткам. Булар айласы кеткенде оозумду басыш үчүн менден мурда озунуп, тыңчы деп атап жатат деген ойго келдим»  деген пикирин билдирди.

Амантур Мусагул уулу 

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: