Menu

ARCHI FEST-2016: Өлкөдөгү жүзүмчүлүктү жандандыруу

Бөлүшүү:

Өлкөдөгү жүзүмчүлүктү жандандыруу максатында ARCHI FEST-2016 деп аталган өзгөчө иш-чара өттү. Ар кайсы тармакта иштеген миңдей адамдын башын кошкон фестиваль совет доору менен кошо кыйраган жүзүмзарларды калыбына келтирүү максатын көздөдү.

Бишкектен 30 чакырым аралыктагы Виноградное айылында өткөн иш-чарага келген коноктор жүзүм талааларынан баштап, шарап жасалганга чейинки технологиялык баскычтарга күбө болуп, жаңы шараптын даамын татышты.

Учурда 307 гектардан чогулган жүзүмдөн  “Арчи” деп аталган шарап өндүрүлүп жатат. Анын өндүрүмдүүлүгү жылына миллион литрге чейин жетет. Алдыда бул шарапты Кытай менен Россиянын базарларына экспорттоо пландалып жатат. Шампан жана шарап өндүрүү үчүн эң мыкты сорттор тандалып алынган. Жүзүм бакчаларын жандандыруу үчүн 3 млн. доллардын тегерегинде  инвестиция тартылып, эл аралык стандарттагы заманбап жабдыктар сатылып алынган. Адистер жүзүм шарабы канды тазалап, организмди жашартууга жардам берерин айтып келет.

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: