Сентябрдын соңку күндөрү анча-мынча кыламыктата жааган кар жол, транспорт жана коммуникация министрлигинин дарамети жетишсиз экенин далилдеп койду. Долон, Төө-Ашуу, Ала-Белдеги жолдорго топурак чачылбай, жолчулардын тыңгылыктуу жол тазалаганы байкалбайт. Ысык-суукта кыйраткан айлык албаса, алардын деле жол тазалоого көңүлү болбойт да, туурабы? Кыш күрөө босогого келсе да тармактагы мындай көйгөйлөрдү алдын алууда министр Замирбек Айдаровдун кырдаалды жөнгө салуудагы кашаңдыгы эртең карапайым элдин башына түйшүк үйбөйбү? Аба майданга кетчү жолдун курулушу тыңгылыктуу жүрбөгөндүгү көп сөз болсо, Балыкчы-Корумду жолун куруудагы алешемдиктерди коомчулук түгөлү менен айта берип тажады. Министр мындай көйгөйлөрдүн башын ачып, коомчулукка үн катпайбы? Кабинетине жашынып сыпааланып отура бербей.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ