Бүгүн, 25-декабрда КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын тергөө камак жайында кармалып жаткан Алмазбек Атамбаевдин акыбалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Анда атайын кызматтын башчысы Алмазбек Атамбаевдин кармалышын жана ден соолугунун абалы менен таанышкан.
Өз кезегинде, Алмазбек Атамбаев тергөө абагынын кызматкерлеринин камакта кармоо шарттары жана аракеттерине эч кандай дооматы жок экендигин айтып, ден-соолугунун начардыгын белгилеген.
КР УКМКнын төрагасы К.К.Ташиев тиешелүү кызматтарга А.Атамбаевдин ден-соолугунун абалын кылдаттык менен текшерип чыгууну, андан кийин зарыл болгон учурда аны медициналык мекемеге жаткыруу жөнүндө чечим кабыл алууну тапшырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ