Menu

Банктарга карапайым калктын үйү керекпи?

Бөлүшүү:

Банктардан алган насыяларын төлөй албай, карызга белчесинен баткан жарандарыбыз 3-октябрь күнү митингге чыгышты. Үй-жайын алдырып, барарга жери жок калган адамдар ак үй алдына жети дубандан топтолуп келишкен

Учурунда жакшы ниет менен алынган насыя бардык эле адамга берекелүү боло бербейт өңдүү. Муну алган акчасын төлөй албай мал-мүлкүн, үй-жайын тарттырып жибергендердин көбөйүшү айгинелеп турат. Насыя көйгөйү бир канча жолу көтөрүлгөнү менен, ушул убакка чейин эки тарапка тең пайда алып келе тургандай жолго түшө элек.

Көтөрүлүшкө чыккандардын негизги талаптары сүткорлук кылган банктарга тийиштүү мыйзам чараларын көрүү, насыя шарттарын жеңилдетип, пайызды азайтып, мөөнөтүн узартуу. Эң маанилүүсү, күрөөгө коюлган мүлкүн алдатып жибербөө болду.

“Насыя төлөсөк да, үйлөрүбүздү алышууда”

Насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын төрайымы Акылай Кенекеева депуттар насыя алуучулардын укугун коргогон мыйзам кабыл албаса катуу көтөрүлүш болорун, мурдагы митингдерде дүкөндөр тонолсо, бул жолкусунда банктар өрттөлөрүн айтты.

– Биз ушул алты жылдан бери 120 депутатка мыйзамды өзгөртүп бергиле деп кайрылып келатабыз. Бирок катыбыз барат, жообу келбейт. Комиссия түзүлгөнү менен алар бизди алдап, эч кандай жардам көрсөтпөдү. 8-9-октябрь курултай деп жатышат. Элди карабайбы, биз дал ушул курултайда, оппозицияга кошулабыз. Биз эч нерседен коркпойбуз. Эң негизгиси үйлөрүбүздү алып калышыбыз керек. Банктар болбогон акчага күрөөдөгү үйлөрдү сатып, алып жатышат. Биздин талабыбыз жалгыз үйлүүнүн үйүн албай, депутаттардан комиссия түзүп бериши керек. Кызыгы, насыя алып төлөбөй койсо бир жөн. Төлөп бүтүшсө дагы, пайыз деп кайра каныбызды ичип атышканында. Бул жерде бүт банктар жөнүндө сөз болууда: АКБ Банк, Халык Банк, РСК Банк, Аман Банк, Толубай Банк, Компаньон Банк, Оптима, Финка, Мөл булак жана башкалар. Өкмөт жардам берип койгула деп токтом чыгарып жатат. Бирок банктар өкмөттүн сөзүн уккан да жок.

Митингге жети облустан адамдар келишкен. Баарынын тагдыры окшош. Банкка алдангандар, үстөгү көп болгондуктан насыяны төлөй албай үйлөрүн алдырып көчөдө калышкандар. “Кыш келсе кайда барабыз?” деген суроого жооп таба албай, ыйламсырап турган жарандарыбыздын абалы чынында эле кейиштүү.

“Насыя алган малыбыз кырылып калды”

Ал эми насыя менен алган малын кырып алып, натыйжада сызга отурганШабданова Гүлзат 10 адам көчөдө калганын мындай айтып берди:

– Росинбанктан ата-энемдин үйүн күрөөгө коюп 300 000 сом насыя алганбыз. Аны иштетип үй алалы деген ниетибиз бар эле. Себеби өзүбүздүн үйүбүз жок. Кийин кургакчылык болуп, насыяга алган малыбызды кырып алдык. Учурда күрөөдөгү үйүбүз банктын балансына өтүп кетти. Алар Бишкектен юридикалык компания жалдашыптыр. Бул компаниянын кызмат акысын дагы силер төлөйсүңөр деп 27 000 сомду мойнубузга илип койду. Мага пайыздан тышкары, туум дагы кошуп койдук деп бетиме эле айтышты. Биз 100 000 сомдой акча төлөп бердик. Бирок бул эсептелбейт экен. Кааласаңар үйүңөрдү сатып алгыла деп жатат. Менде эми кайдагы акча? Өзүбүз батирде жашап атабыз. Болгон талабым – пайызды азайтып, жылын узартып берсе жакшы болмок. Ата-энемдин үйүндө жашаган 10 адам көчөдө калдык.

“Насыя албасам дагы үйүмдү алып жатышат”

Бул митингде насыя албай туруп эле үйүн алдырып жибергендер да бар экен. Мисалы, Аденова Сайыпа банк сиздин үй күрөөгө коюлуп насыя алынды деп бир ооз да айтып койгон эмес дейт:

– Мен өзүм Аман Банктан насыя алган эмесмин. Бул жерде шылуундардын колуна түшүп калдым. Банк жаш кыздан үч аялдын документин алып, 52 000 доллар берген. Менин атым менен насыя алынганын мен бир жарым жылдан кийин билдим. Банк үй сиздики экен, сиз төлөйсүз деди. Бирок мен бир сом алган жокмун да. Тастыктай турган эч нерсем да жок. Милицияга арыз жазып, ал кызга шылуундук боюнча кылмыш иши козголгону менен, мени төлөйсүң деп жатышат. Мен муну билгенден кийин ооруп, майып болуп калдым. Өзүм пенсионермин. Кантип төлөйм? Насыя алган кызды тааныйм. Анын энеси менен 20 жыл чогуу иштегем. Ал “Апам рак болуп калды. Эже документтериңизди берип туруңуз. Сиздин үйүңүзгө канча берет экен, көргөзүп эле көрөйүн”, – деген. Банк болсо мен эле эмес, калган экөөнүн дагы үйүн көрбөй туруп акча берип койгон. Бизге насыя алынды деп айткан эмес. Банк мени чакырып алдап, 4000 доллар төлөсөңүз, график коюп беребиз деген. Мен макул болуп 4 800 доллар төлөп бердим. Эми ошого карабай, үйүмдү сотко берип алганы жатышат.

“Үйүмдү төрт кишиге сатышты”

Сакеева Ратхан айым банк менден 10 000 000 сом өндүргүсү келип жатат дейт:

– Халык банктан 2008-жылдын аягында 23 пайыз менен 45 миң доллар алып, бир жылда 35 миң долларын төлөгөм. Бул жылы да менин төлөгөнүмө карабай үйдү өздөрүнүн менчигине айландырып койду. Бир жарым жылдан кийин алдын ала дагы 7 миң доллар төлөдүм. Ар кайсы жакка арыз жазып олтуруп, банк тарабынан шылуундук болду деген документтерди чогултканыма карабай, үйүмдү сатып жибериптир. Соттор бир тараптуу эле чечип, бизди үйдөн чыгарып салышты. Минтип алтымышка келгенде кыздарым менен үйсүз калдык. Менин алганым 1 700 000 болсо, банктын эсеби боюнча 12 000 000 болуп жатат. Менден 10 000 000 өндүрүп атышат.

“Бир ай бере албай калсам, үйүмдү алып койду”

Акча алып барып, күрөөдөгү үйүмдү сатып алайын десем дагы бербей жатышат дейт Йун Венера:

– 730 чарчы метрлик чоң үйүмдү Халык Банк мыйзамсыз алып койду. Мен 100 000 доллар насыя алып, баарын өз убагында төлөчүмүн. 2014-жылы май айында гана төлөй албай калдым. Ошондон бир ай өткөндөн кийин эле менин үйүмдү алып салышты. Мен аларга кайрылып, үйүмдү сатып алайын десем да болбой 320 миң долларлык үйүмдү 91 миңге сатып жиберишти. Экинчи ирет дагы акчам менен барсам, мага көңүл бурушкан жок. Кайра мыйзамсыз үйүмө кирип, буюмдарымдын баарын ыргытышты. Кимге кайрыларымды билбей калдым. Бизди эч ким укпай жатат. Мага тартынбай эле сиздин үйгө буйрутма берилген деп айтышты.

Банктарда депутаттардын туугандары отурат

Бир топ жылдан бери насыя алуучулардын маселеси курч бойдон калууда. Бир канча мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке сунушталганы менен алар каралган жок. Экономика серепчиси, Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын манифестинин автору Кубан Чороевбанктардын башында бийликтеги адамдардын туугандары, достору отургандыктан маселенин Жогорку Кеңеште каралуусу өтө оор дейт:

– “Насыя алуучуларды бүгүнкү күндөгү абалдан кантип куткарып кетүүгө болот?” деген Кыргызстандагы насыя алуучулардын манифестине ачык позицияңарды билдиргиле деп миңдеген колдор менен Өкмөткө, Улуттук банкка, Жогорку Кеңешке жиберсем дагы жооп болбоду. Бул боюнча үч айдан бери жер-жерлерде иштеген регионалдык комиссиялар кээ бир жерде иштеди, кээ бир жерде иштеген жок. Комиссиядагылар банктарга рекомендация эле айтып, ушул кишинин чын эле акыбалы оор экен, биз текшердик, деп маалымкат эле берип коюп жатышты. Бирок банктардын кызыкчылыгында буларга жеңилдик берүү каралбагандыктан, ал рекомендациялар аткарылган жок. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде чечимдер чыгып, Улуттук банк элге жардам берүү жолдорун иштеп чыгышы керек. Бүгүнкү күндө болсо өкмөттүн дагы, Улуттук банктын дагы позициясы бир болуп жатат.

Ар бир банк насыя берип жатканда “Кардар кайра төлөй алабы?” деп эсептеши керек. Банктар болсо андай анализ жасабай туруп эле миңдеген адамдарга акча берген. Ушундан улам эң чоң күнөө банктарда десек болот. Төлөй албай калгандардын мал-мүлкүн алууга мыйзам жол бергендиктен, мыйзамдын баары банк тарапта. Эгер мыйзам жаран тарапта болгондо банк акча берер алдында жүз жолу ойлонмок.

Насыя алган адамдардын көбүнчөсү юридикалык жактан сабаты жоктор. Алар сотто кантип арыз бериш керек экенин түшүнүшпөйт. Банктар ушул сабатсыздыктан пайдаланып, аларды кылтакка илип жатат.

Банктардын, микрокредитик ишканалардын ээлери, алардын таяке-жээндери Жогорку Кеңеште депутат болуп отурат. Ошондуктан алар бул мыйзамды өзгөртүүгө кызыкдар эмес, – деди.

Насыя алып бир дагы сумма төлөбөй койсо, же чет жакка качып кетсе сөз башкача болмок. Бирок акча бергенине карабай үйлөрүнөн ажырап жаткан жарандарыбыздын абалы чынында эле оор. Мамлекет тийиштүү чараларды көрбөсө калктын кыжырланышы, зулумдукка кабылгандардын муң-зары жакшылыкка алып барбашы мүмкүн.

Булак: Саресеп 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: