Бейшембиде миграциялык каатчылык менен күрөшүүнүн алкагында Евробиримдикте Европанын чек ара жана жээк кайтаруу жаңы кызматы өз ишин баштады. Алгачкы миссиясы Болгария менен Түркиянын чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекетте ачылды.
Жаңы кызматтын башкы кеңсеси Варшавада жайгашкан. Декабрдан тарта ал 1500 чек арачынын резервине ээ болот. Кризистик абал жаралса алар Евробиримдиктин сырткы чек араларына тартылышат. Кызмат Европада башкалка таба албаган мигранттарды мекенине кайтаруу үчүн өз алдынча авиакаттамдарды да уюштура алат.
Европанын чек ара жана жээк кайтаруу кызматы – Европа биримдигинин тарыхындагы сырткы чек араларды көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн алгачкы улуттук кызмат болуп калды. 2015-жылы Европага башкалка издеп Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн бир жарым миллиондон ашык мигрант барган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ