Menu

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: “Атамбаевдин моралдык, саясый мүмкүнчүлүктөрү бүгүнкү күндө кескин азайып баратат…”

Бөлүшүү:

– Равшан мырза, Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси көтөрүлө баштагандан бери буга каршы пикирди карманып келе жатасыз. Бирок, депутаттар референдум мыйзамын жактырышты. Силердин “бийликтин аракетине каршы турабыз” деген аракетиңерден майнап чыкпай калбайбы?

– Авторитардык, маселени бир гана адам чечкен мамлекетте мамлекет башчыларынын  идеялары жакшы, жаман экенине карабай  ага каршы туруу аябагандай кыйынчылык жаратат. Себеби, авторитардык мамлекетте көпчүлүк саясатчылар, массалык маалымат каражаттары, мамлекеттеги бардык органдар жана элдин көпчүлүгү ошол мамлекеттик бийликтин гана айтканын колдой берет. Ошон үчүн бийликке каршы пикир айткан адамдардын оюн ишке ашырмак турсун, эсепке да алышпайт. Мындай учурда мамлекеттин абалы күндөн-күнгө оорлой берет. Ушул процесс Кыргызстанда жүрүп жатат. Биздин бийлик күчкө салып, мыйзамсыз болсо дагы  9-жолу Конституцияга мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү киргизип, өз каалагандарын жасоого бел байлап, Конституцияны өзгөртүүгө каршы болгон улутчул, мекенчил күчтөрдүн пикири менен эсептешпей жатат.

Референдумга каршы кол топтоо кыймылы түзүлгөнү менен жер-жерлерди кыдырып кол топтоого каражат бөлө албасыңарды айтышып, “Бишкекте олтуруп алып пресс-конференция бергенден башка колдорунан эч нерсе келбейт” дегендер чыкты. Кандай жооп кайтарасыз?

– Оппозициялык маанайдагы саясатчылардын чынында эле каражаты аз. Анткени биз бийликтегилерге окшоп акыркы убактарда каржы ресурстарды, Бакиевдин мүлкүн басып алган жокпуз. Ошондуктан каражатыбыз чектелүү. Региондорду кыдырууга мүмкүнчүлүгүбүз азыраак. Региондорду кыдырбаганыбыздын дагы бир маанилүү себеби бар. Биз кайда барбайлы бийлик  бандиттердей болгон спорт менен машыккан жигиттерди жана обончу аялдарды коё берип, бизди айдакташат. Ошондуктан биз бүгүнкү күндө Бишкекте эле иштеп жатабыз. Колубуздан келишинче  Атамбаевдин “референдум өткөрөм, Конституцияны өзгөртөм” дегенине каршы туруп, “Кыргызстандагы олигархиялык парламент тарашы керек” деген негизде кол топтоо процессин уюштуруп жатабыз.

– Эмне үчүн парламентти таркатуу маселесине басым жасап жатасыңар?

– Анткени, олигархиялык парламент  бийликтин мыйзамсыз иштерин ишке ашышына шарт түзүп, каалаганын жасатып жатат. Ошон үчүн  олигархиялык парламенттин кыргыз элине жана  мамлекетине кереги жок деген тыянак чыгарып, алардын тарашын талап кылып жатабыз.

– Бирок, Конституциянын долбоору тактала электе “Референдум жөнүндө” мыйзам толук кабыл алына электе 4-декабрга референдум дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул жагдай Кыргызстанга эмне берет?

Бул чечим Кыргызстанга дестабилизация берет. Бийлик, адаттагыдай эле, коомдук пикирди эске албай, саясий консенсусту бузуп, мыйзамсыз референдумдын датасын койду. Бир нерсени эске салып коёюн. Жыйынтыгы кандай болгон күндө дагы, бийлик утулат.

Мындан ары кол топтоо процесси уланабы же токтойбу?

– Биз референдумдун акыркы күндөрүнө чейин кол топтоону улантабыз. Андан башка, 8 – октябрда Улуттук Курултай өткөрөбүз. Ал жерде, Конституция, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал талкууланат. Ошол Курултай андан аркы саясый күрөштүн багытын аныктайт.

Бийлик тоскоолдук жаратып, имарат бербей жатканы чынбы?

– Эки жума мурда спорт сарайы, филармония, опера жана балет театрлары бизге арендадан баш тартышкан. Жакынкы күндөрү орус драма театры имаратын ижарага бергенге макул болду. Эми баш тарптас деген ойдобуз…

–  Равшан мырза, имиштерге таянсак, жакынкы күндөрү шайлоо кампаниясы башталып, мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо жарыяланаары тууралуу кептер айтыла баштады. Ишенсек болобу?

– Эми авторитаризм орун алган  мамлекетте президенттин кызыкчылыгына эмне туура келсе, ошол  нерсе ишке аша берет. Эгерде президент Атамбаевдин кызыкчылыгына мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү туура келсе, ал аны сөзсүз түрдө өткөрөт. Айтайын дегеним, президент аргасы жокпу же атайылап президенттик кызматтан баш тартабы же болбосо Кремлдеги күчтөр мажбурлап коёбу, президенттик шайлоо өз мөөнөтүнөн мурун болуп калышы  мүмкүн. Ошондуктан, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурун шайлоо болуу мүмкүнчүлүгү бир топ жогору. Себеби, убакыт өткөн сайын Кыргызстанда абал оорлойт. Социалдык абал курчуп, мамлекеттин бюджетинде орчундуу  маселе жаралат. Андай учурда президент сунуштаган адамды колдоо мүмкүнчүлүгү аябагандай төмөн болуп калат. Ошон үчүн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

– “Путиндин оң колу” делген адам менен Бабановдун жолугушканы “кийинки президент Бабанов болот”- деген имиштерди чындыкка айлантып жибербейби?

– Менин жеке пикиримде кийинки президенттин ким болоорун Атамбаев же эл чечпейт. Себеби, Атамбаевдин моралдык, саясый мүмкүнчүлүктөрү бүгүнкү күндө кескин азайып баратат. Бирок, мындай мүмкүнчүлүк Кремлде кала берет. Эмки президент ким болоорун Кремль аныктайт.  Кыргыз эли шайлоого катышып, добуш беребиз деп тапырап чуркаганы менен Москва каалаган адам президент болот. Кремль жактырган  саясатчынын мамлекеттик башкаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө түшүнүгү бар же жок экени маселе чечпейт. Басма сөз каражаттарынан жасалма мактаган материалдарды жарыялатып, каражат бөлүп беришет. Жыйынтыгында талапка жооп бербесе дагы президенттик такка отуруп калат.

– Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн компроматтар согушу иттин өлүгү кайда катылганын көрсөтөбү же тиреш кандайдыр бир себептен басаңдап калабы?

– Кыргызстан Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдөн айырмаланып, акыркы 25 жылдын ичинде мамлекетибизде бири-бирине каршы туруп, атаандаша ала турган саясатчылар пайда болуп калды. Президент кандай келсе, ошондой кетип калаарын да жакшы билип калдык. Өзбекстан, Тажикстан, Казакстанга караганда президенттен коркпогон, президент менен тең ата сүйлөшө алган, катачылыгын бетине айткан  саясый күчтөр, саясатчылар пайда боло баштады. Ошондуктан Убактылуу Өкмөттүн ичиндеги маселени саясый атаандаштык маселеси деп түшүнөм. Бул жакшы нерсе. Айтайын дегеним, мамлекетте бири-биринен коркпогон, биринин туура эмес иштерин көтөрүп чыга турган саясатчылар болсо, ал Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүбү же башка саясатчылар болобу мамлекет үчүн жакшы нерсе болуп эсептелет.

Өмүрбек Текебаевде президент болуу мүмкүнчүлүгү барбы?

– Ар бир саясатчы мүмкүнчүлүк болсо президент, премьер-министр болгусу келет. Менин оюмча бул нормалдуу эле көрүнүш. Себеби, узак мөөнөттө жүргөн саясатчылардын баарынын амбициясы, келечекке койгон чоң максаттары бар. Ошондой эле бардык эле саясатчылар президент болууну каалашат. Бирок, жогоруда айткандай кыргыз саясатчылары маанилүү кызматтарды аркалоону канчалык каалашса да, акыркы беш жылдан бери ал кызматтын баарын кыргыз бийлиги эмес, Россия чечип калган. Кимди Кремль колдосо, ошол адам президент болот.

– Бир мезгилде “Ата Мекен” партиясы менен депутат болгонсуз. Лидери менен тил табыша албай фракциядан чыгып, эркин депутатка айлангансыз. Бирок, жакындан бери Текебаев экөөңөрдүн  айрым маселеде оюңар бир жерден чыгып калып жатканын байкап жатабыз го?

– Текебаев катачылыгын түшүнүп, оппозиция болгону, саясаттагы айрым өзгөрүүлөрдөн  саясый көз карашыбыз бири-бирибизге туура келип, пикирлеш болуп калдык. Чогуу иштешип жатабыз. Мамилебиз жалпысынан дурус. Чогуу күрөшүүгө бел байлап жатабыз. Ошон үчүн бул жерде эч кандай саясат жок.

– Текебаевдикиндей байлык башкаларда жокпу? Эмне үчүн бийлик аны эң бай адамдай көрсөтүүгө аракет кылып жатат?

– Ар бир жаран байлык топтогонго, үй курганга, дүйнө чогултканга толугу менен укугу бар. Бирок, мамлекеттик бийликти жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматта отурган адамдар, тагыраак айтканда, президент жана анын тегерегиндегилер, партиянын лидерлери, премьер-министрлер жана Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү акыркы мезгилде  чогулткан мүлкүнө сөзсүз түрдө жооп бериши керек. Себеби, “мынча байлыкты кайдан топтодуң?”- деп алардан коом сураганга акысы бар. Жогорку кызматты аркалаган мамлекеттик кызматкерлердин көпчүлүгү 2010-жылга чейин андай байлыгы жок болуп туруп, кызматка келер замат дүркүрөгөн байлыкка ээ болуп калышкан. Ошон үчүн алар  өздөрүнүн мүлкүн кайдан, кантип алганын  айтып берүүгө милдеттүү. Ал эми байлык маселесинде Текебаевге басым коюп жатышканы  аны каралоого жасалган аракет деп түшүнөм. Чынында президенттин айланасында Текебаевден бай адамдар бар. Алар Текебаевдей болуп, декларацияны ачык толтура алышпайт. Журналисттерди алып барып, баарын көрсөтүп эрдик да кыла алышпайт.

– Текебаевдикиндей эрдик  дагы кимдин колунан келет?

– Мындай эрдик Фарид Ниязовдун эмес, президент Алмазбек Атамбаевдин да колунан келбейт. Мындай эрдикти  Атамбаев эле эмес, анын   аркасы менен оокат кылып жаткан Илмиянов, анын  оң колу деп мактап жаткан Сапар Исаков  жасай албайт. Анткени, алар Текебаевдей болуп, өздөрүнүн мүлкүн кайдан алганын коомчулуктун алдында далилдеп айтып бере алышпайт.

– Пан Ги Мун БУУнун жыйыныда “айрым мамлекеттердитн башчылары өз кызыкчылыгы үчүн Конституциясын өзгөртүп жатат” деп айтты. Анын айткандары биздин мамлекетке да тиешеси барбы?

– Сөзсүз түрдө биздин мамлекетке тиешеси бар. Өзгөчө биздин президент БУУга тийишип, “биздин эгемендүүлүктү Конституцияны жазган адамдар БУУга сатып жибериптир” деп айткандан кийин Пан Ги Мундун  айтканы биздин мамлекетке жана мамлекетти башкарып жаткан адамдарга тиешелүү болот. Анткени, Борбор Азияда  мамлекетти авторитардык ыкманы жактаган адамдар башкарып жатат. Алар мамлекеттин, улуттун келечегин ойлобойт. Конституцияны өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп өзгөртөт. Бириккен улуттар уюмунун жетекчиси Конституция боюнча айтканы биздин мамлекетке багытталганын  баарыбыз түшүндүк.

– “Кадыржан Батыровдун ЕККУда сүйлөшүнө шарт түздү” деп коомчулук укук коргоочу Азиза Абдурасулова менен Төлөйкан Исмаилованы жек көрүп отурушат. Эл аралык авторитеттүү уюм эмне үчүн Кыргызстан издөө салган адамды төрүнө отургузуп, анын трибунадан сүйлөшүнө шарт түздү?

– Негизи кыргыз бийлигин Европадагы эл аралык авторитеттүү уюмдар таанышпайт. Себеби, кыргыз бийлигинин чечимдерин, сотунун чечимдерин мыйзамдуу деп эсептешпейт. Анткени, алар  кыргыз бийлигинин өкүлдөрүн  Путиндин өкүлдөрү катары кабыл алат. Ошондуктан, ЕККУда Батыровго сөз берип, мамлекетке каршы сүйлөгөнгө шарт түзүп беришти.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: