УКМКнын камагында бир канча айдан бери отурган Кубанычбек Кадыров эч бир айыбын мойнуна албай, саясый куугунтук катары соттолуп атканын жашырбай, чындык үчүн аягына чейин турары боюнча үн чыгарыптыр. Тергөө органдары деле Кадыровго далилдүү фактыларды келтире албай жатканбы, айтор, козголгон кылмыш иши деле “сынчудай” болуп калганын билгендер кабарлашууда. Буга чейин саясатта тайманбаган, өжөр мүнөзү менен таанылган каарманыбыздын эркиндикке чыга турган күнү деле алыс эмес. Сыягы, Кубанычбек мырза түрмө түйшүгүн толук кандуу көтөрүп, башын тобокелге байлап койгону каңкууланууда. Демек, жеңишке жетүүгө духу бар экен…
Сакен Бөрүбаев
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ