Menu

Байыркынын сөзү менен, Азыркынын көзү менен

Бөлүшүү:

Зулумдук өтүп зулумдан,

Адамдын алкы бузулган.

Көрүнөө чыгып жанкечти,

Көрпенде коркпой кусурдан.

Бирине-бири жоо чыгып,

Бийликке жиндеп жутунган.

(Цюй Юань, биздин эрага чейинки 340-278-жылдар)

Дагы бир Кытай булагында: «Эртели-кеч эрегишип кала турган элдин жакшы нерселерин бүлдүрүп, эр-азаматтарын бузук ишке кириптер кылып койгула, керек кезде так ошол талуу жерден кармаганыңарга жакшы. Теңтайлаш элдин эң бузук, саткын адамдары менен жең ичинен ымала түзгүлө. Эл бийлеген башчыларынын иштерин канавайран түшүрүп, улам бири-биринин ортосуна от жагып, билгизбей нааразылык туудургула, жаштарын аксакалдарга каршы тукургула; адептүүлүктөн алаксытып, ниетти буза турган ыр-күүлөргө көндүргүлө; адамдын касиетин биротоло ыдыратыш үчүн аягы суюк, бузулган аялдарды аралаткыла; белек-бечкекке сараңдык кылбагыла; жылуу жумшак сүйлөп, күлө багып убадаңарды аябагыла; жалган айтып, алдамайын иш жылбайт, айрыкча байлыкка, дүйнөгө сараңдык кылбагыла. Эң жогорку даражалуу төрөлөрдөн тартып, сага окшогон майда кызматчыларга чейин баары ушул эрежеге таянып, кызмат кылууга милдеткер» деп жазылганы азыркы заманга дал келип тургандай. И.Калашниковдун К.Ботояров которгон «Каар заман» романынан (1989-ж. 1-китеп, 191-бет).

Ошондуктан эми келген ооматыбызды колдон жулдурбаш үчүн үргүлжү аракетти ынтымак-ырашкерликке жумшоо парз. Анткени 1991-жылы колго тийген эгемендүүлүккө чейин канчалаган запкы, мүшкүлдүү түйшүк жана үркүн менен репрессиялардын курмандыктары, Ата Мекендик улуу согуштагы жана Ооганстан менен Ош окуяларындагы, 2010-жылдын апрель жана июнь айларындагы жоготуулар эле канчага турат.

Ушундай түшүнүктүү эле нерселерге карабастан адам укугун коргоочулардын жеке адамды бир мамлекеттин кызыкчылыгынан да жогору коюп, эпсиз эркелетерин ЕККУнун Варшавада өткөн кезектеги отуруму даана ырастады. Кадыржан Батыровду айтпаганда да, анын пикирине кошула баш ийкеп отурган Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдрасуловаларды баш кыла Евросоюзду энесинен сөккүң келет, ыдырата сөккүң келет… Аларга эл тынчтыгы эмес, евро керектиги айкын. Чыдайлы, түзүмүнө шек кеткен Евробиримдик жакында жантаслим болчудай сезилет… Ошондо анын каражаты менен жан баккандар Кыргызстанда эле калабы же кан кускур Батыровго барабы?!

 Памирбек КАЗЫБАЕВ

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: