Парламенттеги “Республика -Ата-Журт” фракциясында Болотбек Ибраимжанов деген депутат бар экен. Анын бардыгын кечээ гана уктук. Тагыраагы, буга чейин “балык” депутаттардын катарын толуктап келген Болотбек мырза капысынан эле парламенттеги ар кандай маселелерди айтуу маалында, “Айылдагы мечиттерде азандын үнү элдин тынчтыгын бузуп жатат, шайлоочуларым арызданды, азанды акырын айтуу боюнча тартип бузулуп жатыптыр” – деп унчукту эле, кесиптештери дароо көздөрүнүн төбөсү менен карап тим болушту.
Ал эми социалдык тармактардын колдонуучулары болсо “Эмне депутаттарга намаз, хиджаб, медресе, азандан башка жасай турган иш жокпу, көтөрө турган маселе калбай калдыбы” деп депутатты төө бастыга алып жаткан кербези. Кызыгы, өмүр бою пахта тармагында иштеп “пахтачы” атка конгон эл өкүлү жок дегенде күзгү жыйым-терим, жашылча-жемиштердин баасы, экспорт-импорт маселеси боюнча маселе көтөрүп койсо эмне?!
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ