Кыргыз экономикасына өз салымын кошуп келе жаткан коомдук ишмер, Экономика илимдеринин доктору, КРнын эмгек сиңирген экономисти Шайлообек Мусакожоев агай тууралуу жакшы жаңылык уктук. Көрсө Маскөө шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин XII эл аралык окумуштуулар конкурсунда агайдын алтын калемине таандык “Экономика” китеби “окуу адабияты жана билим берүү” номинациясында эң мыкты деп табылыптыр. Демек КМШ айдыңында кадимки Салижан Жигитовдун кан досу Шайлообек агайдын экономиканы окутуу боюнча тажрыйбасы жана терең билими жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүгө чоң жардамын берээри бышык. Албетте, адабиятты эң мыкты түшүнгөн, өзү да чыгармачылыкка жакын, оро-парада тарыхый мыкты окуяларды жатка айта билген экономисттин колунан жаман китеп чыкпайт болчу. Сыйлыгыңыз кут болуп, сыймыгыңыз артсын, Шайлообек агай!
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ