Буга чейин эл аралап кол топтоп жүргөн кыймылдын мүчөлөрү эми анын электрондук түрүн да жайылта баштады. Бул үчүн атайын сайт ачылып, соцтармактарда да иш жүрүүдө. Кыймылдын мүчөсү Мавлян Аскарбеков парламентти таркатууга жана референдум өткөрүүгө каршы кол топтоо өлкөнүн жети облусунда тең жүрүп жатканын, канча кол топтолгону 8-октябрдагы курултайда жарыяланарын билдирди. Башмыйзамды өзгөртүүгө каршы коюлган колдор топтолгон петиция андан ары президентке жана парламент жетекчилигине тапшырылат.
Жогорку Кеңеш “Референдумду дайындоо” боюнча мыйзам долбоорун 29-сентябрда биринчи окуудан жактырган. Эми ал дагы эки окуудан өтсө, Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жарыяланат.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ