Menu

АША жаңы Конституция боюнча жаңыдан ажо болобу?

Бөлүшүү:

– Конституциянын жаңы долбоору боюнча көптөгөн карама-каршылыктарга карабастан, “Референдум жөнүндөгү” мыйзам толук кабыл алына электе, 4-декабрга референдум дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул чечим Кыргызстанга эмне берет?

Надира Нарматова, экс-депутат:

“Жакшылыкка алып барбаган жолго түшүп алышты”

– Конституциянын долбоорунун биринчи окууда алып чыккандагы башкаруучу коалициянын жетекчиси Канат Исаевдин Жогорку Кенештин талкуусуна алып чыккандагы акыбалын көрдүңөр. Өзү демилгечимин дейт, эмнени коргоп жатканын, элементардык суроолорго жооп бере албай, Конституциялык мыйзамдын долбоорун сунуш кылуу процедурасын регламенттин негизинде айтып бере албай, 1-класстын окуучусунан бешбетер бозала болгонун. Өтө өкүнүчтүүсү, демилгечилер сунуш кылышып жаткан долбоорду жетишээрлик түшүндүрүп, коргой албай жаткандыгы. Мындан биз түшүнүшүбүз керек. Демек,’ демилгечимин деп, көкүрөк каккан үч фракциянын жетекчилери Конституциянын долбоорун даярдоодо өздөрү да катышкан эмес. Бул нерсе конституциялык мыйзамдардын долбоорлорун кароонун жана сунуш кылуунун процедураларынын ачыктан ачык бузулуп жаткандыгын далилдеп турат. Экинчиден, “Референдум жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окуудан эми өттү, экинчи, үчүнчү окуудан өтүш керек, мыйзамдын долбоорун ар бир окуудан өткөрүүдө регламент боюнча аралыгында талкууларды уюштуруш үчүн белгилүү мөөнөттөр бар. Мыйзам кабыл алуунун жүрүшүндөгү өзүнүн талап кылган мөөнөттөрү, талаптары, жол жоболору бузулуп жатат. Анда мындай акыбалдагы мыйзам бузуучулука ким жооп берет? Өзүн-өзү мажбурлап, туура эмес жолго барып, добуш берип, колдоп жаткан 90го жакын депутаттар жоопкерчиликти алабы? Конституциялык сот эртең “мыйзам кабыл алуудагы процедуралар сакталган эмес” деген бүтүм чыгарып койсо жоопкерчиликти ким алат? Эмне үчүн мынчалык, бирөө кубалап кеткендей шашып жатышат карапайым элге түшүнүксүз. Эгерде азыр шашылыш түрдө, талап кылынуучу регламенттик процедураларды аттап өтүп, референдум өткөрө турган болсок, акыркы чечимди эл берет да. Кокустан өтпөй калса эмне болот? Убакыт бар, шашпай эле эки ай артка сүрүп, февраль айларында референдум өткөрсө деле болмок. 4-декабрда өтө турган болсо сөзсүз мыйзам кабыл алуунун процедуралары бузулат. Бул Кыргызстанга жакшы аброй алып келбейт деп, ойлоймун. Оппозициялык күчтөр, мыйзамды түшүнгөн адамдар ачыктан ачык каршы турушу, референдумдун жыйынтыгы жакшы болбой калышына шарт жана негиз болуп жатат. Ошондуктан шашпай, колдогон тараптар менен каршылашкан оппозициялык маанайдагы сырткы күчтөр менен ийри олтуруп, түз кеңешип жыйынтыктаганга толук жетишээрлик убакыт бар. Бирок, бүгүнкү күндө эки тарап, өз алдынча ой жүгүртүп жатышат. Эрегишип бири бирине. Мындай темп менен кете турган болсо, акыры жакшылык менен бүтпөй , тирешүү менен нараазычылык менен бүтүшү да мүмкүн. Ага эч ким ким кепилдик бере албайт.

Мавлян Аскарбеков, активист:

“Бийликтин бул кадамы эртенки хаостун башаты болот”

– Мыйзам кабыл алуу процедураларын, мыйзамдарды, Конституцияны одоно бузуу менен “Референдум жөнүндө” мыйзамды жана Конституцияны өзгөртүү – бийликке эл тарабынан ишенимдин толугу менен кетишин, бийликке келген жаңы күчтөрдүн мыйзамсыз жолго түшүшүн шарттайт. Мыйзамдын, Конституциянын ыйыктыгы, анын кынтыксыздыгы баардык тараптар менен аткарылышында. Бийликтин бул кадамы эртенки хаостун башаты болот. Бүгүн бийлик, коомчулук, кандай реформа, өзгөрүүлөрдү, инновацияларды, өнүгүүнү, экономиканы талкуулабай, бийликти бөлүштүрүү, сактап калуу, Конституцияны өзүнө ылайыкташтырууну талкуулап жатат. Өтө өкүнүчтүү. Бул көрүнүш, улуу муундагы саясатчылардын максатын, дараметин дагы бир ирет көрсөттү.

Акин Токталиев, адвокат:

“Жаңы Конституция боюнча жаңы президент болуп бериңиз…”

– Үчүнчү көңтөрүштү жакындатат. Жаңы Конституция А.Атамбаевге кайтадан президенттикке шайлануусуна укук берет, А.Акаев сыяктуу болот. “Президент кылып дагы бир жолу шайлап алалы” деп  демилгечи топтор чыгат, СДПК жана чет мамлекеттин президенттери суранат. Алар “жаңы Конституция боюнча жаңы президент болуп бериңиз” дешет. “Партиянын айтканынан чыгалбайм” деп шайланып алат да, баары мыйзамдуу болуп жатып калат.

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: