Menu

Убактылуу өкмөт мүчөсү Исмаил Исаковдун сеператист Кадыржан Батыровдун 6-октябрда «Азатыкка» берген интервьюсундагы айтылган сөздөрүнө өзгөчө пикири

Бөлүшүү:

«2010-жылы 19нан 20-майга ооган түнкү таңда И.Исаков, Б.Алымбеков жана А.Сабировдор келишти, чогу сүйлөштүк… Кадыржан, бизге кыйын болуп жатат, мына ипподромдо болгон нерсе беделибизди түшүрдү, бизге бир мүмкүнчүлүк бериңиз, Кыргызстандан үч-төрт күн чыгып туруңуз, биз кыргыз жарандарын бириктирип алалы, анан кайра келесиз, андан кийин чогу иштешебиз» деп, андан сураныптырбыз. «Кепилдик сурасам, сиз камсанабай чыга бериңиз, посттордун бардыгына айтылды, эч кандай тоскоолдук болбойт» деп, анын чыгып кетишине кепилдик да бериптирбиз. «Андан кийин Исаков менен Бекназаров жаңжалга аралашканын уктум» деп, К.Батыров (өзгөчө мен жөнүндө) логикага, чындыка таптакыр туура келбеген, бурмаланган жогорудагы маалыматтарды бериптир.

Биринчиден, «19нан 20-майга ооган таңда И.Исаков, Б.Алымбеков, А.Сабировдор келишти, чогу сүйлөштүк» деген сөзү боюнча.

2010-жылдын 19-майында мага «Жалал-Абадда Б.Кадыровдун тараптары менен кыргыз тараптарынын кагылышуусу болуп жатат» деген маалымат түшкөндөн кийин, мен Роза Отунбаева менен сүйлөшүп, Б.Алымбековду алып, саат 17.00го жакын Жалал-Абадга тик учак менен учуп бардым. Барганда учак менен шаардын үстүнөн айланып карасак, К.Батыровдуку деп мага көрсөтүшкөн университеттин короосунда 600-700дөй чогулган адамдарды жана тышында университетти куурчап алган топторду көрдүк. Шаарга коноорубуз менен аскерлер жана милиция кызматкерлери менен тараптарды эки жакка ажыратып, тирешүүлөрүн токтотуп, күч органдарына окуяны иликтөө боюнча тапшырма берип, кечки саат 20.00дон эртең мененки 06.00го чейин коменданттык саатты киргизип, кайсыл жерде кандай постторду коюу жана элге коменданттык саатта жарандардын укуктарынын чектелүүсү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү областтык жана шаардык бийлик өкүлдөрүнө тапшырма берип жүрсөм, мага маалымат беришти «Эртең саат 10.00дон тартып Тел-Тору ипподромунда он миңдей адам митинг өткөрүп, өз талаптарын коет экен, көпчүлүк эл Сузак районунан келишет» деген. Маалымат алгандан кийин, шаарда дагы кагылыш чыгып кетпесин, митинг өтсө анда анын тынч өтүшүн камсыз кылуу менен шаардын, митингчилердин коопсуздугун сактоо маселелеринин үстүнөн иштерди баштап, мен Сузак районунун акимине айыл өкмөттөрүн, депутаттарын чогулттуруп мени менен жолуктурууну тапшырдым. Алар 20-майдын эртең мененки саат 04.00го чогулушту (Ошол учурдакы аким жана жолугууга катышкандар менин сөзүмдү тастыктап беришээр). Алар менен 40 минутадай жолугушуу өткөрө коюп, эртең мененки 05.00го жакын Жалал-Абад областынын ички иштер башкармалыгынын имаратына келсек кабинетте А.Сабиров менен дагы бирөө туруптур, ал ИИМнин полковнигимин деп өзүн тааныштырды. Мен алардан «Силер бул жерде эмне турасынар, эмнеге келдиңер?» десем, А.Сабиров «Бизди Бишкектен жөнөтүштү, сизге жардам бергенге» деп жооп берди. Анда мен «Абдан жакшы болот экен, силер өзбек туугандар менен жолугуп түшүндүргүлө, тирешүү, кагылышуу болбосун, ага жол берилбесин…» деп айткандан кийин А.Сабиров «Исмаил Исакович, кечеги окуяга түздөн-түз тиешелүү далил видео-тасмалар бар, ошону көрүп койбойсузбу» – деди. Мен ага «Жакшы болот, көрсөткүлө» десем, ал «Бул жерде көрсөтө турган аппаратура жок экен» деди, «Анда кереги жок, кийин көрөбүз» деп, Б.Алымбековдон тапшырмалардын аткарылышын, шаардакы акыбалды сурай баштаганда А.Сабиров мага кайрылып, «Исмаил Исакович видео тасманы  көрүп койсоңуз, 5 эле минуттук жол, аппаратура даяр, убакыт деле кетпейт» деп суранып калгандыктан, атайын Бишкектен келип мени эртең мененки саат 05.00го чейин күтүп турганын эске алып, эч жаман ой жок макул болдум. Чындыгында жакын эле жер экен машина менен бираз баргандан кийин чоң дарбаза аркылуу кирдик, машинадан Б.Алымбеков экөөбүз чыксак эки киши тосуп алышты, бири мен Кадыржан Батыровмун деп таанышып, кол алышты. Ошентип, мен аны менен өмүрүмдө биринчи жолу ушундай кырдаалда кокусунан жолуктум. Биз киргенде аппаратурасы көп комната экен «Менин убакытым тар, кана тасманы көрсөткүлө» деген сөзүмдөн кийин даяр тасманы көргөзө башташты. Тасмада алар менен кагылышкан экинчи тараптын таш ыргытып жатканы, айнектеринин сынгандарын көрсөтүштү. Көрүп бүткөндөн кийин ал «Исмаил Исакович мына өзүңүз көрдүңүз, бизде күнөө жок, имаратыбызга зыян келтиришти, бизге негизсиз дооматтар коюлууда, чет жакка эле чыгып кетсем окшойт, мен эмне кылышым керек?» – деп суроо менен кайрылды, мен «Эгер күнөөң жок болсо, четке чыксаң чыгып кет! Орусияга барасыңбы, башка жака барасыңбы өзүңдүн эркиң, анан кайра келесиң» деген сөздөр мен тараптан жооп катары айтылган. Андан соң «Тирешүүгө аралашпай жүргүлө. Азыркы көрсөткөн тасмаңарды укук коргоо органдарына бергиле, биз экинчи тарапты дагы угуп, окуяны терең изилдеп көргөндөн кийин жыйынтыгы чыгарылат» деп чыгып кеттик. Болгону ушул. Ушунун баары жарым саатка жетпеген убакыт болгон. Ал эми Б.Алымбеков сөз деле сүйлөгөн эмес. Баса белгилеп кетчү нерсе, ошол кокусунан жолукканга чейин менде жана комендантта ага кылмыш иши козголгону же козголбогону жөнүндө бир дагы маалымат болгон эмес. Ал эмес, ошол жолугушуудан кийин ипподромдогу митингди өткөрүп, элди тынч таратып, кечинде күч,  укук коргоо органдарынын жетекчилерин чогултуп өткөргөн жыйында менин суроомо областтык прокурор «К.Батыровго кылмыш иши козголгон эмес» деп жооп берген. Ал жыйында тергөө процесстерине көзөмөл кылган Башкы прокурордун орун басары Рыскул Бактыбаев да бар болчу. Ошентип, анын айтканындай эмес, мен жана Б.Алымбеков А.Сабировдун 19-майдагы тараптардын кагылышуусуна тиешеси бар далил видео тасманы көрүп коюу суранычы жана өтүнүчү менен барып, аны менен кокусунан ошондой кырдаалда жолукканбыз. Андан кийин мен аны бир да жолу көргөн жокмун. Дагы бир маанилүү факт, 22-майда анын университетинин короосунда өзбек аксакалдардын суранычы менен 2-миңге жакын чогулган өзбек туугандар менен жолуккам. Алар «К.Батыровдон колуңду тарт!» деген плакаттарды көтөрүп алышыптыр. Катышуучулардын баары сүйлөп бүткөндөн кийин алардын койгон маселелерине жана суроолоруна жооп берип жатып, «Туугандар, К.Батыровдон колуңду тарт деген плакат менен турасыңар, эгерде анын күнөөсү жок болсо келип далилдеп бербейби? Эмнеге качып жүрөт…?» деп аларга кайра берген суроомо жанымда турган бир тууган агасы (мага ага чейин кулагыма шыбырап агасы деп айтышкан) эле эмес, ошол жердеги элдердин бири дагы жооп бере албай, унчукпай калышкан.

Экинчиден,  «Кадыржан, бизге кыйын болуп жатат, мына ипподромдо болгон нерсе беделибизди түшүрдү, бизге бир мүмкүнчүлүк бериңиз, биз кыргыз жарандарын бириктирип алалы» деп мени айтты деген сөзү боюнча.  Бүткүл кыргыз эли билсе керек эч качан кыргыз жарандары бири-бири менен тирешкен эмес. Ким билет кыргыз жарандарынын көчө-көчө, айыл-айыл болуп тирешкендерин? Анан андан «үч-төрт күнгө чыгып кетиңиз кийин кайра келесиз» – бизге мүмкүнчүлүк бериңиз» – деп суранып, жалынгандай ал мен үчүн ким эле? Тирешүү болгон күндө дагы  анын бары  же жогу  мен үчүн «до фени» болчу. Анын үстүнөн ал ошол учурда келтек жеген адамдай кирээр «ийинин» таппай эмне кылышын билбей эки көзү жалдырап   айласы кетип, Университетинин имаратынан чыга албай турган учуру эмес беле. Аны ал унутуп калса керек. Элестетип көрсөңөр, 2010-жылдын 19-майында мен учуп барып тараптарды ажыратып, «кагылышты» жөңгө салганга чейинки акыбалды. Ар тараптан курчалып, анын келмеси келбей эле. Мен эмес, К.Батыров өзү менин жардамыма муктаж болуп турса, мен андан жардам сурап жалынамбы? Эмненин негизинде, кайсыл максат менен «үч-төрт күнгө чыгып кетиңиз, кийин кайра келесиз» деп андан суранмакмын? Бул абсурд эмеспи?

Ал эми, «Ипподром беделибизди түшүрдү» – деген сөз анын супер жомогу, ал убакта ипподромдогу митинг боло элек болуучу, ипподромдо митинг кийин, тагыраак айтканда саат 10.00дон 16.00го жакын убакытта болгон. Аны мейли мен унутайын, мейли башкалар унутсун, ошол митингке катышкан 7 минге жакын адамдардын жок дегенде мини же жузу унутпаса керек. Анан болбогон нерсени болду, беделибиз түштү деп психикасы чатак адам дагы айтпаса керек. Ушул жалгандан эле толук жыйынтык чыгарса болот анын сөздөрүнүн чындыкка такыр дал келбегенин.

Үчүнчүдөн, «Кепилдик сурасам, сиз камсанабай чыга бериңиз, посттордун бардыгына айтылды, эч кандай тоскоолдук болбойт, анан кайра келесиз, андан кийин чогу иштешебиз» деген сөздөрү боюнча. Бул дагы катардагы анын жалганы. Себеби, андай сөз айтылыш үчүн менде кандайдыр бир мотив болуш керек болчу. Эч бир мотив болбосо, өмүрүмдө аны тааныбасам, мурун такыр билбесем, каяктагы кепилдик? Алар жакшы билишкен, өзгөчө илгери мени менен бирге депутат болгон А.Сабиров менин позициямдын өтө катуулугун жана мыйзамсыз, сепараттык иштерге такыр барбаганымды, ошондуктан А.Сабиров «анын фамилиясын мага айтпай видео тасманы эле көрүп коюңуз» – деп башка мотив менен мени жолуктурганга мажбур болушкан. Менин оюмча алар 20-майдын эртең мененки саат 4.00 чейин ким экендигим жөнүндө сөзсүз сүйлөшүшкөн болуш керек. Алар менен кепилдик тууралуу сөз эмес жыты дагы чыкпаганын жана келечектеги аны менен бирге эч качан «колтукташып» иштебегендигибизди так жана ачык билишкен. Анан эмнеге мен ага кепилдик берип, кийин иштешебиз деп айтышым керек эле? Ошондуктан, өзүмдүн түздөн-түз милдетимди аткаруу учурунда А.Сабировдун «19-майдакы тараптардын кагылуушусуна тиешелүү далил видео тасманы көрүп коюңуз» – деген суранычы, өтүнүчү менен барып, кокустуктан өмүрүмдө биринчи жолу жолуккан адамга кантип кепилдик берип, кийин бирге иштешүү жөнүндө келишим түзмөкмүн, бул дагы анын катардагы чо-о-оң апыртмасы.

Төртүнчүдөн, «Исаков менен Бекназаров жаңжалга аралашкан деп уктум» дегени боюнча. Мен ошол май жана июнь окуялары боюнча түштүк регионунда бардык мамлекеттик органдарынын иштерин координациялап, стабилдиликтүү орнотуу үчүн бекитилген Өкмөттүн  өкүлү болсом, анан тескерисинче кантип жаңжалга аралашайын? Аралашыш үчүн өз милдеттимди таштап коюп, тараптардын биринин арасында жок дегенде таяк көтөрүп жүрүшүм керек эле же болбосо түштүк региондо стабилдүүлүктү орнотуу үчүн иштеп жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилеринин бирине «бир тарапка жардам» бер деген көрсөтмөм болуш керек, анан менин көрсөтмөм эң аз дегенде үч-төрт баскычтан өтүп андан кийин гана аткаруучуларга жетиш керек. А.Бекназаров жөнүндө да ушундай эле айтмакмын. Ошондуктан, анын  «жаңжалга аралашкан деп уктум» – деген сөзү чындыка жатпаган, жалган эл арасына атайлап чачкан «үрөндөрүнүн» жана биз жөнүндө айткан апыртмаларынын бири.

Ошентип, К.Батыровдун мен жана башкалар жөнүндө берген маалыматы жогорудагы конкреттүү факттардын жана далилдердин негизинде чындыкка жатпаган, жалган жана атайын бирөөлөр тараптан каралоо максатында пландаштырылып, уюштурулуп жаткан иш аракети.

Албетте, ушудан негиздүү суроолор жаралат.

Эмне үчүн К.Батыров күнөөсү жок болсо өлкөгө келип, ачык сот процессинде өзүнүн актыгын далилдөө чараларды көрүүгө аракет кылбайт дагы, бир гана чыгып кеткендиги жөнүндө маселени көтөрөт? Жана аны мамлекеттик маанилүү нерседей жогорку деңгээлде кырааттап алып чыгышат?

Эмне үчүн соттун аны күнөлүү деген чечимдерин, Жогорку Кеңештин К.Батыровду издеп таап келүү боюнча токтомдорун бүгүнкү күнгө чейин аткаралбаган, элдин салыгынын эсебинен жашап, өз милдеттерин так аткарбаган тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жазалоонун ордуна эч майнап чыкпаган негизги маселе эмес, мааниси жок маселелер көтөрүлөт?

Менин жеке оюмча бул ызычуунун чын-төгүнүн аягына чыгыш үчүн бүгүн өлкөдө жана бардык массалык маалымат каражаттарында бир гана маселе оркоюп чыгышы зарыл, ал – кыска мөөнөттүн ичинде тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан К.Батыровго кишен салып, керек болсо «уурдап, капка салып» Кыргызстанга алып келинүүсү. Соттолуп качып жүргөн жарандын бүгүнкү күндө дүйнөлүк коомдо улуттук кастыкты козутууга, ар-намысты басмырлоого багытталган жана сепаратисттик аракеттери менен мамлекеттин коопсуздугуна түздөн-түз зыян келтиргенине байланыштуу К.Батыровду тез аранын ичинде ким болбосун кармап келгендерге мамлекет тарабынан өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде жок дегенде миллион доллар сыйлык берилери жарыяланыш керек. Аны Кыргызстанга алып келгенден кийин гана азыркы көтөрүлүп жаткан жана башка маселелерге чекит койгоного толук мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мен бардык тиешелүү бийлик бутактарынан К.Батыровду кармап, тез аранын ичинде Кыргызстанга алып келинишин талап кыламын.

Исмаил Исаков, 2016-жылдын 9-октябры

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: