Menu

Кулов Өмүкеге “жуучу” болуп барганда

Бөлүшүү:

Бу саясат дегениң эмнелерди гана кылдырбайт. Чырынан да кызыгы көп нерсе да. Кечээ эле кучакташып жүргөндөр, беш мүнөттөн кийин бет келсе, бетине жаба түкүрө турган кас боло калат, кас болгондор кучакташып мас болушат го. Эки Өмүрбек бар. Бири социалист, экинчиси демократ. Убагында экөөсүнөн өткөн ака-үка болгон эмес. Бири экинчисине гумжардам кылып машина, стол белек кылса, беркиси партияга кошуп депутат кылган. Кийин эле экөө кызыл чеке болуп кырылышканга чейин барышпадыбы.   Демократ Өмүке социалистти көрүнгөн жерден катуу чабат. Жамбашка алып эмес, мурч сөздөрү менен. “Мегакомду” орустарга алып берем деп бир млн доллар алганын, БНКны сатып, андан да миллиондогон долларларды кымтыганын айтып, мародер темасы козголгон кезде беркинин айласын жаман кетирип жатат да. Социалист да кыйын. Иллибой жерден тешик таап чыгып кетет. Демократ Өмүкенин оозун жабыш үчүн аксакал деп Феликс Куловду “жуучулукка” жөнөтүптүр. Кулов демократ Өмүкеге барып “Айланайын Өмүке, мени берки Өмүке сага атайын жөнөттү. Ушул эки ай мага асылбай туруп турсунчу. Атамбаев менен ары же бери болуп алайын” деп салам дубайын айтса, демократ неме шарт эле “Атамбаев менен алышса, алыша берсин. Менин кандай тиешем бар. Мен чындыкты айтып жатам да. Өмүкеңдин Атамбаев кол алдындагы адамдардан жер сатып алганы боюнча көтөрүп чыккан маселесин мен деле колдойм. Башка нерселерин көрүп, билип туруп деле унчукпай олтура беремби?” деп суроосуна суроо менен жооп кайтарыптыр.

Булак: Жаңы Ордо

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: