Menu

Тажикстан жараны милиция имаратын жардырууга ниеттенгени үчүн 13 жылга кесилди

Бөлүшүү:

Тажикстандын Куляб шаарында Сайфиддин Салимов аттуу жаран калаанын ички иштер бөлүмүн жардырууга ниеттенгени үчүн 13 жылга эркинен ажыратылды. Сот жергиликтүү тургунду террордук жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар боюнча күнөөлүү деп таап, оор жаза берди.

Сайфиддин Салимовду укук коргоо органдары быйыл мартта кармашкан. Ал экстремисттик коомго мүчө болуу, жалданмачылык жана улуттук, расалык, диний кастыкты козутууга айыпталган.

Тергөө Салимовдун үч ай бою ИМ тобунун Түркиядагы машыгуу лагерлеринде даярдыктан өткөнүн, мекенине кайткан соң Кулябдагы ички иштер бөлүмүндө теракт жасоого белсенгенин аныктаган.

Сайфиддин Салимовдун туугандары болсо соңкы жылдары ал Орусияда эмгектенип, үй-бүлөсүн багып жүргөнүн, бирок Тажикстанга келгенден кийин аны кармап кетишкенин айтышууда.

Бул арада Сайфиддин Салимовдун адвокаты өкүмдү жокко чыгаруу үчүн жогорку инстанцияга кайрылбай турганын билдирди.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: