Башмыйзамдын өзгөрүшү тууралуу талкуу бир топ күчтөрдү бөлүп жарууда. Башкасын айтпай ак коёлу, так ошол өзгөрүүнү демилгелегендердин бири болуп жаткан «Кыргызстан» фракциясы өзү бир пикирде эмес. Маалыматтарда Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясы толугу менен Башмыйзамдын өзгөрүшүн колдоду деп чыгышкан. Аныгында толук эмес, бир депутаты каршы болуп кол койбой коюптур. Ал депутат айым Исакунова Таалайкүл экен. Фракциянын лидерине баш ийбеген Таалайкүл айымдын жүрөгү тоо окшобойбу же таянганы күчтүүбү? Кыскасы, кызыктар алдыда окшойт.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ