Menu

«Замандашка» жан кирди

Бөлүшүү:

Былтыркы парламенттик шайлоодо «богатыревчулардын» колу менен «муунтулуп» ың-жыңы билинбей кеткен «Замандаш» саясий партиясы 8-сентябрь күнү кезектеги XI съездин өткөрдү. Анда партиянын башына жаңы адамдар келгени, жаңы программа кабыл алынганы дайын болду. Партиянын эки тизгин, бир чылбырын Жеңиш Молдокматов аттуу жаш саясатчы жигит ээликтеп, мындан аркы чоң жүрүштө маркум Мухтарбек Өмүракуновдун баштапкы идеясын ишке ашырууну көздөп, “Замандаштын” туусун көтөрмөй болду. Он жылга тете тарыхы бар, бул партияны өткөөл учурда, саясий “оор соккудан” кийин кайра калыбына келтирүү албетте, Жеңиш мырзанын эркинине жараша өнүгөөрү турган иш. Канткен менен эл ичине небак сиңип, “элдик партия”, “таза партия” деген элдик “наамы” бар партия эмеспи, азыркы дөө-шаа партиялардын кырчылдашкан кырдаалында “Замандаш” тегин жерден колуна кылыч албагандай. Эмнеси болсо да, саясий күрөштө татыктуу орду бар, абройлуу элдик партиянын жаңы жасап жаткан кадамына ийгилик дейли.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: