Menu

Тажикстандык согушкерлердин 90% интернет аркылуу азгырылган

Бөлүшүү:

Тажикстан Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча Сирия жана Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында согушуп жүргөн тажик жоочуларынын 90% интернет аркылуу азгырылган.

Көзөмөл орган билдиргендей, алардын ичинен 85% эмгек мигранттары болгон жана экстремисттик топторго Орусияда жүргөндө кошулуп кетишкен. Бул тууралуу “Радикализм жана экстремизм көйгөйлөрүн чечүү жолдору” деген эл аралык конференцияда Башкы прокуратуранын өкүлү Маризо Халифазода билдирди.

Анын айтымында, коңшу Ооганстандагы абалдын начарлашы Борбор Азия, анын ичинде Тажикстанда экстремисттик идеалардын жайылышына түрткү берүүдө.

Халифазода экстремизимге каршы күрөшүүдө ар кыл мазхаб жана конфессия өкүлдөрү биргеликте тынчтыкта жашаса гана бул көйгөйдү жеңүүгө болот деген пикирде.

Тажикстанда экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын колдоосу менен иштелип жатат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: