Menu

Самара Абдыкеримова, мугалим: “Чет тилинде сүйлөй билүү, учурдун талабы”

Бөлүшүү:

Жыл сайын өтүүчү республикалык “Мыкты мугалим” кароо-сынагынын 2-орундун жеңүүчүсү Т. Сатылганов атындагы №69 окуу тарбия комплекс-гимназиясынын немец тил мугалими Самара Абдыкеримовнанын жан дүйнөсүндөгү ички сырларын ачып, кызыктуу маек курдук.

Кесип тандоо

Бала кезимден эле мугалимдик кесипке өтө кызыгам. Өзүмдүн биринчи мугалимимдин мага берген тарбиясынан улам, ошол кезде эле балдарга ар нерсени айтып берип, алар менен баарлашып өзүмдү мугалим катары элестете берер элем. Эң негизгиси адамда каалоо болсо бардыгын ишке ашырса болот экен. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылында орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң борборго келип И.Арабаев атындагы педагогикалык университеттин чет тилдер факультетине тапшырдым. Студент кезимде эле мектепте иштечүмүн. 2000-жылдан тартып Т.Сатылганов атындагы №69 окуу тарбия комплекс-гимназиясынын немец тили мугалими болуп эмгектенип келе жатам. 2010-2012-жылдары директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басары болуп, ал эми 2008-жылдан тартып немец тили бирикмесин жетектеп келем.

Ийгилик

“Жылдын мыкты мугалими” конкурсун республикалык деңгээлде өткөрүп, катышыш үчүн алгач мектеп ичинде, андан кийин райондор арасында сынак болду. Райондук сынактан биринчи орунду алгандан кийин, шаардык деңгээлдеги конкурска 9 мугалим катышып андан биринчиликти багындырдым. Республикалык деңгээлдеги “Жылдын мыкты мугалими” наамына 9 мугалим менен ат салыштым. Алгачкы этаптардан өтүп мыктылардын-мыктысы тандалып келип катышып жаткандан кийин таймаш абдан кыйын болду. Дайындык, атаандаштык абдан күч болду. Күнү-түнү уктабай сабак даярдап, катуу эмгек кылдым. Кылган аракетимдин акыбети кайтып, таймашта экинчи орунду алдым. Биринчи орунду алган кесиптешимдин баллы меникинен жарым баллга жогору болду. Кыргызстан боюнча “Эң мыкты мугалим” наамына ээ болуш мен үчүн өтө чоң ийгилик. Бул ийгиликтин аркасында талбаган эмгек, күч-аракет жана жакындарың, кесиптештериңдин колдоосу турат экен. Мугалим ар тараптан изденип, көп кырдуу устат болуп, азыркы замандын талабына ылайык заманбап технология, жаңы методдорду колдоно билсе, кандай кырдаал болбосун кыйынчылыкты жеңип, мыктылардын мыктысы боло алат.

Билим оошот, ырыскы жугушат

Мугалим бир гана педагог эмес, психолог болгонго жөндөмдүү. Себеби ар бир баланын мүнөзү ар башкача. Ошондуктан ар бир бала өзүнчө өзгөчө мамиле кылышыбыз керек. Мисалы, кээ бир бала жан дүйнөсүндөгү сырларын ачык айтып, эч тартынбайт. Ал балдар коомго тез аралашып, тез өнүгүшөт. Ал эми кээ бир балдардын жан дүйнөсү бай, бирок түнт, өз оюн так, туура айта алышпайт. Андай балдарга өзгөчө мамиле кылып, жабылган жан дүйнөсүн, талантын ачуу, келечекке чоң жол ачып берүү биздин колубузда. Ошондуктан мугалим бир гана билим берүү менен алектенбестен, психолог катары дагы ар тараптуу болуусу шарт.

Мен окуган кезде

Мектепте окуп жүргөн кезимде эле коомдук иштерге активдүү катышып, окуучулардын алдынкылары болууга аракет кылчумун. Эжейим берген тапшырманы түнгө чейин аткарып, ырларды жаттап, кээде таң атканга чейин сабак окуп уктабай, кайра мектепке кеткен күндөрүм болгон. Эмнегедир ошол кезде эле эне тилин жана немец тилин абдан жакшы көрүп окуур элем. Ал эми физика, химия сабактарына кызыкпагандыктанбы, айтор чейректен 4 чыгып кайгырган кездер болгон.

Тил билсең, дил билесиң

Азыркы жаштардын көпчүлүгү тил жаатына басым жасап жатканы мени абдан сүйүндүрөт. Көп тил билген бала эч качан жерде калбайт. Тил билүү мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө дагы чоң салым кошот. Албетте англис тили дүйнө жүзү боюнча биринчи орунда турары талашсыз. Ошону менен бирге эле эң улуу державадагы Европа мамлекеттеринин бири Германия мамлекетинин эне тили – немец тили. Немец тилин бир гана Германия мамлекети эне тили катары сүйлөбөстөн, андан башка дагы 4 мамлекет эне тили катары кабыл алып сүйлөп келишет. Ошондуктан чет тилинде эркин сүйлөй билүү бул учурдун талабы.

Үй-бүлөм кичи мекеним

Үй-бүлөм бар. 3 балама татыктуу тарбия берип, чоңойтуп жаткан кезим. Жолдошум милиция кызматкери, учурда ардактуу эс алууда. Улуу балдарым өзүм эмгектенген мектептин немец тили классында билим алып жатышат. Балдарым менин жолумду жолдоп мугалимдик кесипти тандап алса тоскоолдук кылбайм. Эң негизгиси өздөрүнө жаккан кесиптин ээлери болсо дээр элем.

Каалоо, тилек

Мугалим ары ардактуу, ары түйшүктүү кесип. Учурдан пайдаланып жалпы мугалимдерге, алардын ичинде өзүмдүн кесиптештериме чың ден соолук каалайм. Эң биринчи ден соолук болбосо бул түйшүктү аркалай албай, балдарга татыктуу билим беле албайбыз. Андан кийин ишибизге ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт тилейм. Бизге ишенип берилген келечек ээлерине татыктуу тарбия берип, алардын алкышына арзып жүрө берели демекчимин.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: