Menu

Атамбаев үчүн Турдукулов Мискенбаевден да төмөн турабы?

Бөлүшүү:

Эки күн мурун, 3-июль күнү экс-президент жеке таарынычы менен болгон аракетин жумшап митинг өткөрдү. Митингде күтүлгөн 4-5 миң киши келген жок. Атамбаев өзү күткөндөй болбой калганын маанайы суз болуп кабагынан билдирип койду. Митингде Мээрбек Мискенбаев «ызбезда» болду. Атамбаев аны «элита» кылам десе ишенип алган окшойт, бийликке болушунча «кашынды». Эми Мээрбектин ким экени баарына маалым го. Ал эми бизди кызыктырганы активист, экс-президенттин камчысын чаап жүргөн Адил Турдукуловго митингде сөз тийбей калганы. А түгүл Алмазбек Атамбаев сүйлөп жатып Адилдин атын бир ооз айтпастан, Мээрбекке басым жасаганы Атамбаев үчүн Адил Мээрбектин деңгээлинде дагы эмес экенин билдирип турган жокпу? Турдукулов акылы болсо ойлонуп, эмитен өз жолун таппаса экс-ажо пайдаланып туруп кол аарчыдай ыргытып коеору айкын болуп калды. Ал ортодо Адил Турдукулов интернет баракчасына: «Өз позициямды билдирип коюуну учурда маанилүү деп эсептейм. Мен Сапар Исаков менен Абдил Сегизбаевди таза, коррупциядан тышкары, келечекте бийликте орду бар кадрлар дегенге кошулбайм. Өлкөдө жана өлкөдөн сырткары жүргөн таза, коррупцияга аралашпаган, билимдүү жана прогрессивдүү жаш кадрларыбыз жетиштүү» – деп жазып чыкты. Бул боюнча кеңири сөз кылсак болчудай…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: