Menu

Муктар Атаналиев, “Үркүн” көркөм тасмасынын продюсери: “Дагы эки тархый окуяны тасма кылып тартууну пландап жатам”

Бөлүшүү:

Муктар байке, “Үркүн” көркөм тасмасын 12 – октябрдан баштап элге тартуулай баштайсыздарбы?

-Ооба, 12 – октябрда эртең мененки саат 10-00 дө, Манас  кинотеатрында кинонун ачылышы болот. Ошондон тарта борбор калаадагы бардык кинотеатрларда “Үркүн” көркөм тасмасы элге тартуулана баштайт.

-Ага жетпей эле тасманын жасалма билеттери Токмок шаарында элге тарап жатканы кабарланды го…

-Шылуундар жасалма билеттерди элге сатып башташты. Биз бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, чара көрүүнү сурандык. Азыр иликтөө иштери жүрүп жатса керек. Бул маселени жөн калтырган болбойт. Жасалма билет жасагандар жооп берүүлөрү керек.

-Мындай жолго кимдер барышы мүмкүн?

– Токмоктогу кино департаментинин  жигиттеринин эле колунан келди го деп ойлоп жатам. Анткени бул ишти четтен бирөө келип жасабайт. Аралашып, билип жүргөндөр эле жасайт.

-“Үркүн” көркөм тасмасын тартууга жалпы канча каражат сарпталды?

-Чыгармачыл жамаат тасманын үстүндө туура бир жыл иштедик. Былтыр октябрь айында кинонун сметасын түзгөнбүз. Сметага 228 миң доллар керек деп жазганбыз. Бирок иш жүзүндө андай каражат кеткен жок, 100 миң доллар кетти. Калган каражатты эл берди. Эл мисалы моралдык жактан колдоп, мингенге аттарын, тиккенге боз үйлөрүн беришти. Жайлоого алтымыштан ашуун боз үй тигилди. Эгер эл анын баарын бербесе, анда биз эсептеген 200 миң доллардан ашуун каражат кетмек.

-100 миң долларды кайдан алдыңыздар, мамлекет берген жокпу?

-Тасманы тартаардын алдында Маданият министрлигине кайрылганбыз. Ал кезде  министр Алтынбек Максүтов болчу. Ал кинону колдой турганын, бирок өкмөт каражат жагынан жардам бере албасын айтты. Кыргыз кино департаментине кайрылсак алар дагы мамлекеттен жардам болбосун билдиришти. Мамлекеттен жардам болбогон соң жеке ишкерлерге кайрылалы деп Көлдөн чыккан эки ишкер, экөө тең менин досторум, Болот Берикбаев менен Нурбек Айбашевге кайрылсам, алар сценарий менен таанышып дароо эле макул болушту. Каражатты да бат эле таап беришти.

Буга чейин кандайдыр бир себептерден улам  үркүн темасы ачылбай келбеди беле, тасманы тарттырбоого аракет кылгандар болгон жокпу?

-Биринчиден президентке рахмат. 1916-жылдагы үркүндү эскерүүгө, 100 жылдыгын өткөрүүгө жол ачып берди. “Ата-Бейитке” эстелик орнотулуп, ал жерге орус президенти В. Путин барып гүл койду. Эгер президент бул ишке барбаса, анда бизге да тоскоолдуктар болушу мүмкүн болчу. Эч кандай тоскоолдук болгон жок. Болгону тасма тартылып бүткөндөн кийин гана Президенттик аппараттан телефон чалышып, тасманы элге көргөзөөрдөн мурун бир жолу көрүп коелу деп көрүштү. Элге көрсөтүүгө болот экен деп уруксат беришти.

-Тасманын сценарийин сиз жаздыңызбы?

-Ооба, мен жаздым. Режиссер Медин Учкеев экөөбүз төрт ай издендик. Октябрдан баштап февралга чейин үркүн тууралуу маалыматтарды чогултуп, окуяны жакшы билген тарыхчыларга кайрылып, эл ичинде ата-энеси үркүнгө катышкан аксакал карыя ата-апалар көп экен, кандай болгонун алардын өз ооздорунан уктук. Ошонун негизинде сценарий  жазылды. Буюрса тасманы эл жакшы кабыл алат деп ойлойм. Кандай болбосун эл, өзгөчө жаштар тарыхты билүүлөрү керек.

-Мындан кийин да тархый тасмаларды тартууга басым жасайсызбы?

-Ооба, тархый тасмалар бизде тилекке каршы көп тартылбай келет. Курманжан Датка тасмасы тарыхый тасмалардын тартылышына жол ачты деп ойлойм. Мындан ары эми тархый тасмалар тартылууга тийиш. Ала-Бука аймагында болуп өткөн Шах-Вазиль, Сафед-Булан тарыхый окуясы боюнча сценарий жазып даярдап койдум, аны анан дагы бир тарыхый окуяны тасма кылып тартууну пландап жатам.

Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: