Menu

Обама Марска америкалык экспедицияны жөнөтүү пландары жөнүндө айтты

Бөлүшүү:

«Космосту өздөштүрүүнүн кийинки этабынын максаты адамды Марска жөнөтүү жана аны аман-эсен Жерге алып келүү болот. Андан кийин адамдын узак убакыт Марста болуп кайтышын ойлонобуз». Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обаманын космикалык изилдөөлөрдүн келечеги тууралуу CNN телеканалынын сайтына жарыяланган макаласында айтылат.

Барак Обама Марска учуу пландары тууралуу президент болуп келгенде эле билдирген. Президенттик мөөнөтү аяктап калган Обама планеталар аралык экспедицияларды уюштуруу үчүн мамлекеттин да, жеке компаниялардын да аракети талап кылынарын айтууда. Жакынкы эки жылдын ичинде коммерциялык компаниялар биринчи жолу Эл аралык космос станциясына астронавттарды жөнөтүшөт.

Президенттин планы боюнча кийинки кадам катары адам Жерден алыстыкта узак убакыт жүрүүгө көнүп кеткидей жасалма ареалдарды түзүү керек.

Учурда коммерциялык космонавтика менен Илон Масктын Марска 2025-жылы экспедиция жөнөтүүнү пландап жаткан SpaceX компаниясы жана Blue Origin, Orbital ATK компаниялары алектенишет. Бир канча күн мурда Boeing корпорациясынын башкы менеджери Деннис Мюленбург Марска барчу алгачкы адам алардын фирмасы тарабынан даярдалган ракета менен жеткириле турганына ишенерин билдирген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: