Menu

“Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаевге туз суроо?: “Бармак басты, көз кысты” кылдыңызбы?

Бөлүшүү:

 

Эсиңиздерде болсо керек, бир учурларда борбор калаабыздагы «Ак Кула» ат майданы боюнча чыр чыгып, анан эле бас-бастап калган. Маселени тактай кетели, аталган ат майдан эгемендик жылдарында эки жолу мыйзамсыз сатылган. Биринчи жолу 1996-жылы, экинчи жолу 2003-жылы. 1996-жылы ат майдан аймагынын 50 гектар жерин мүлкү менен 814 миң сомго, ал эми 2001-жылы калган гектарын 100 миң сомго жеке менчик ээлерине сатышкан. Борбор калаадагы көзгө басар делген бул ат майдан Маданият министрлигинин тизмесине тарыхый баалуулук катары кирген, андыктан ал мамлекетке таандык болушу керек. Бирок бизде баары боло берет деген тайкы түшүнүктөн улам «Ак Кула» ат майданы гектарлаган жерлери менен Тынчтыкбек Акматбаев аттуу бир көпөстүн менчиги болуп олтурат. Кезинде бул чыр-чатактар менен учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты, «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев Башкы прокуратурага жана УКМКга кайрылып, ишти иликтөөнү суранып келген. Атүгүл аталган ат майданды мамлекетке кайтарууну демилгелеп чыгып, болгон аракетин кылып катуу чуркаганы эсибизде. Анда Канат мырза Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты эле. Ошо менен «кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» болуп Кедейкановичтин дымы чыкпай жоголду. «Коомчулукту козутуп коюп Исаевдин ийинге кирип кетишине эмне себеп болду?» деген суроо туулбай койбойт экен.

–Урматтуу Канат Кедейканович, ачыгын айтыңызчы, «Ак Кула» ат майданы боюнча маселе эмне болду? Балким менчик ээлерине алыңыз жетпей калдыбы? Же жогор жактан унчукпоо командасы болдубу? Мүмкүн майлуу ооз басырык алгандырсыз? Айрымдар борборубуздун чок ортосунда жайгашкан жалпы аянты 50 гектарды ээлген ат майданга сизди ээлик кылат деп жүрүшөт. Өңүтүн таап өзүмдүк кылып алган эмессизби? Кезинде бул боюнча билек түрө кириштиңиз эле, анан эле эмне себептен токтоп калдыңыз? Ачыгын айта аласызбы?

Амантур Мусагул уулу 

Булак: Де-Факто 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: