Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Крымда крымдык татарлардын үйлөрүндө тинтүү жүргүздү, бир адам кармалды. Бул тууралуу “Крым.Реалии” сайты кабарлайт.
Крым-татар элинин Курултайынын БШК башчысы Заир Смедляевдин айтымында, тинтүү Меккеге зыярат кылып келген крым татарларынын үйлөрүндө жүргөн. Ал аннексияланган жарым аралдын бийлиги ажыларды “Хизб-ут Тахрир” уюмуна тиешеси бар деп айыптоо ниетинде деп эсептетейт.
2014-жылы Крым аннексиялангандан кийин жарым аралда крым-татар активисттеринин жана Межлистин мүчөлөрүнүн үйлөрүндө жапырт тинтүү жүргөн. Украинанын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарынын куугунтукка кабылышын айыптаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ