Menu

Керегем сага айтам, талапкер сен укчу!

Бөлүшүү:

… АКШнын 32-президенти Ф. Рузвельт бийликке келген учурда мамлекеттин эконо­микасы талкаланып, кыйрап жетээр жерине жетип калган. Баардык масштабда кризиc муунтуп тамырын кенен жайган оор абал түзүлгөн. Банк жана каржы системасы толу­гу менен сазга баткан. Ири өндүрүштөр би­ринен бири жабылган. Аталганөлкөнүн ага чейинки жана андан кийинки бир да прези­денти мындай оор шартта бийлик башына келген эмес.

Франклин Рузвельт экономи­калык каатчылык эң бийик чегине жетип калганда бийликке келген. Болгондо да индвалиддик коляскага олтуруп. Бул адам би­ликтин бийик сересине келгенге чейин эле андан 10 жыл мурун 39 жашында айыкпас шал оорусуна чалдыгып, өз алдынча басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган. Бир жолу Ф. Рузвельт бөлмөсүндө жалгыз олтуруп үнүн баардыгынча кыйкырып, “мен минтип коля­скада олтурам, мамлекетим болсо сазга ба­тып баратат, деги мен киммин?” – деп алдын­дагы үстөлдү муштуму менен катуу бир коет.

Бирок жашоо менен болгон күрөшүн, эр­кинин күчтүүлүгүн ушундан көр, шал болуп олтуруп Американын экономикасын балчы­ктан сууруп чыгат. Ушундай көрөгөчтүгү ме­нен 20-кылымда ааламдагы бирден бир эң күчтүү саясий фигура катары айтылып келет. Өз өлкөсүнүн тарыхында ал мамлекетин өнүгүүгүн жаңы нугуна бурган биринчи прези­дент болгон. Кийин өзү баш тартса да эли 4 жолу катары менен аны президентикке көрсөтөт, шайлайт. Мындай сый-ургал америка­нын тарыхында алигиче боло элек.

Булак: Айгай

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: