Menu

Лейлектен кат: “Үка, бир сураныч, Икрамды жазбай эле койсоң, андан көрө Текени жаз, Текенин шоопуру 2010-жылы шоопурлуктан сразу зам.начальник Аламүдүнский РЭО болгон”

Бөлүшүү:

Аскат Тейит деген жаш активист жигит социалдык тармактарда байма-бай постторду жазып, өлкөдөгү коомдук-саясый турмушка өзүнүн позициясын билдирип, оозго алынып келатат. Акыркы учурларда ал Текебаевдин эрдигине шыктанып, аны колдогон постторду жаза баштаса Лейлектик жердештери кат жазып, “Текени колдогончо өзүбүздүн Икрамды колдобойсунбу!” деп суранышыптыр.

“Аскат үкам кандайсын? Мен Коммунизмдикмин, тейит болом. Булакбашылык Эрмек абаңдын абасымын. Үкам, мен дайым сенин постторуңду окуймун. Бир кезде койчуну деле Советминистр кылып коюшкан. Азыр шоопурду көтөрдү.  Ким болсо да Лейлектик. Бир сураныч, Икрамди жазбай эле койсоң, мага жакшылыгы да жамандиги да тийген жок, тийбей эле койсун. Бирок Эрмек абаң автобусу менен контрабанда деп түшүп калганда “ошонун жардамы тийди” деген. Коёналиевти жаз. Үкасини, Жоош Коёналиевти Департаментте РЭОго директор кылып койду, без конкурс начальниктерди коюп жатат. РЭОдо жалаң арашандык, нарындык, чүйлүк, көлдүктөр. Оштуктардан экөө, Текенин кишилери. Текебаевдин мурдагы шоопуру, өзүнүн классташы Өскөн Боронбаев 2010- жылы шоопурлуктан сразу зам. начальник Аламүдүнский РЭО болду. Ал жакта 4 жыл иштеп, косяктары көбөйгөндө Жалал- Абадка зам.начальник РЭО болуп которулду. Сариев бүт туугандарын кызматка тыкты. Даже күйөө балдар, эжелериники да ишсиз калбады. Болгондо да правительствого антикоррупционный отдел ачып, Бурул деген эжесинин бир күйөө баласын орнотту. Ошол эле эжесинин Экинчи күйөө баласын Кыргызстандан ВТОго торговый представитель кылып Швейцарияга орнотту. Айта берсе жык, ушуларды жаз үкам. Жакшыбы, жаманби биздин шопур өзүбүздүкүлөрдү көп эле жерге койду деп угам, бирок тейиттен кызматка бир эле Каракулов Рустам Госматрезервке замдиректора болду. Биздин көчөдө да майрам болоор үкам. Анча-мынча туура эмес жазсам кечиресин, үкам. Кудай кааласа силер жака бир барсам жолугам. Кольцолук проводник Рустам аба менен 94-жылы Бишкек – Москвага барып келдим эле. Менин номерим 0559……., кызмат босо чала бер үкам, катта аяш абама салам айт, жеңем менен тынч болсун !

Текенин классташы “Чуйавто” деген АКСтин сотрудниги крышевать эткен автошколада лицензиясы жок туруп, 2012-жылы 70 кишиге Е категориясындагы права берген. Саткан. Текшерүүчүлөрдү АКСтин сотрудниги токтотот, себеби автошколанын хозяйкасы Чынара Чодонова деген аялдын баласы Каныбек сотрудник АКС. Бир кезде Генпрокуратура ушул Каныбектин үстүнөн иш козгогон. Орто-Сай базарынан Каныбектин апасы арендага 200 долларга бир жерди берет. Аны алган арендатор ал жерди пивной кафе кылат да раскрутка болгондо 600$ дан башка бирөөгө субарендага берет. Аны энеси билип калып, баласыга айтат. Каныбек баягы арендаторду ГКНБга, кабинетиге алып келип, уруп, ортодогу аренданын акчасын өндүрөт. Ошондо баягы арендатор Генеральный прокуратурага арыз жазат, Каныбектин үстүнөн иш козголот, бирок, тилекке каршы иш кыскарат. Себеби Каныбек Нарындык, андагы генпрокурор Саляновада Нарындык. Ушундай беспределдер толтура, мунун баари так маалымат. Ошолорду жаз үкам, Икрамды жазбай эле койчу үка, аны жөн эле апыртып жатышат, болгону бир жалгыз тейитке гана жардам кылды үка. Кыргызда койчудан Советминистр чыкса болот, шоопурдан чыкса болбойбу үка? Икрамдан башка деле жаза турган нерселер көп, ошолорду жаз үка.

Саламым менен, Лейлектен Бейшенбек абаң”.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: