Каяктан дебейсизби? Болгондо да кең, Россиядан. Жакында ЕАЭСге кирген өлкөлөрдүн монополияны жөнгө салуу министрлери Кыргызстанга атайын иш сапары менен келишип, кеңири форматта жолугушуулар болуп өтөт. Монополияны жөнгө салуу агенттигинин мурдагы башчысы Бабырбек Жээнбеков ушул күндөрү кызматсыз жүрсө да Россия баштаган өлкөлөрдөгү иш-сапарга келген кесиптештери тарабынан чакырылып, каарманыбыз бийликте болбосо да эл үчүн мартабалуу меймандар менен бийик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Соңунда Россиялык кесиптештери Бакебизге ЕАЭСтин курамындагы монополияны жөнгө салуу кызматынын Россиядагы бөлүм башчылык кызматын сунушташса, кесиптештеринин сунушуна ак дилдүү аксакалыбыз ойлонууга убакыт сураптыр. А биз кыргыздар колдо бар күчтүү кадрларыбызга бут тосуп, тар кызыкчылыктардын айынан күчүн өзүбүз алып калганды үйрөнбөй калдык го?
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ