Menu

Армения жана Тажикстан башчылары эки тараптуу кызматташууну талкуулашты

Бөлүшүү:

Армения президенти Серж Саргсян Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен 13-октябрда жолугушту. Тажик лидери Ереванга ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген.

Саргсян Армения Тажикстан менен достук мамилелерди чыңдоого кызыктар экенин билдирди. Президент тажик-армян кызматташтыгы эки өлкөнүн саясий жана достук байланыштарына шайкеш келбей жатканын кошумчалады. Ага карабай, мамлекет аралык ымалада өнүгүү байкалганын, аны эки тарап тең ырааттуу түрдө бекемдеши керектигин баса белгиледи.

Армения президенти Рахмон жакын арада расмий сапар менен Ереванга келерине, анда жаңы жана көптөгөн макулдашуулар боюнча келишимдер түзүлөрүнө үмүт артты. Өз кезегинде Тажикстан президенти ЖККУ алкагында жана эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшө турган маселелер арбын экенин билдирди.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: