Menu

Кубатбек Кожоналиев, юстициянын генералы: “Тирешүүдөн мамлекет утушка ээ болбойт!”

Бөлүшүү:

Кубатбек Кожоналиев менен  аскердик кампадан уурдалган курал-жарактар жана Жылдызкан Жолдошеванын “2017-жылкы бийликке Убактылуу Өкмөттүн бир да мүчөсү аралашпашы керек” деген демилгеси боюнча пикир алмаштык.

– Кубатбек мырза, акыркы мезгилде курал-жаракка байланыштуу маселелер көбүрөөк чыга баштады. Курал-жарактардын аскер кампасынан уурдалып жатышы эмнеден кабар берет?

-Эки төңкөрүштөн кийин калктын колунда канча курал жүргөнү боюнча ачык маалымат жок. Башкача айтканда, маалымат жарыялана элек. Анда-санда гана табылган, алынган курал-жарактарга баарыбыз күбөбүз. Ал эми аскер кампасынан уурдалган курал-жарак албетте аскер тартиби жана тийиштүү тарбия жоктугун, ага көзөмөл болбогондугунан кабар берет. Бул маселе тууралуу так маалымат тергөө амалдары аяктаганда билинет.

– Американын элчилиги жарандарын сак болууга чакырды. Кыргызстанда чындап эле теракт коркунучу жандана баштадыбы?

– Маал-маалы менен тийиштүү күч түзүмдөрү тарабынан террорчуларга каршы болуп жаткан иш-аракеттеринен Кыргызстанда да теракт коркунучу бар экенин билсе болот. Андай коркунуч сакталып жатканы эч кимге деле сыр болбой калды. Анткени, ага бир топ сырткы жана ички жагдайлар себепкер.

– Иса Өмүркулов оппозицияны “саясый кызыкчылыктан улам референдумга каршы чыгып жатат” деди го?

– Саясатта албетте кызыкчылыктар болот. Кимдир бирөөнүн  кызыкчылыгы болбосо ага катышпайт. Айтайын дегеним, кеп кимдин кайсыл кызыкчылыкты көздөгөнүндө болуп жатат. Көптөр элди жамынып алып, өз кызыкчылыгын өткөргөнгө аракет кылып жатышат.

– Курултайдын резолюциясы ишке ашышы мүмкүнбү же мурдагыдай эле сөз бойдон эле калабы?

– Негизи, “кеңешип кескен бармак оорубайт” дегендей, бийликтегилер оппозиция тарапка  да кулак салып койсо болмок. Аны аксакал экс-спикер М.Шеримкулов өз сөзүндө белгилеп кетпедиби. “Шашкан шайтандын иши” эмеспи, демек мындай маанилүү маселени шашпай кеңешип чечиш керек. Бу мыйзам долбоору талкуулангандан баштап канча мүчүлүштүктөр табылып оңдолду? Мисалдар четтен чыгат. Ал эми элдин ынтымагын сактайын дегендер бир өзүнүкүн көздөбөй, каршылаш тарабын да угуп кепке келсе болмок. Тескерисинче, өзүнүкүн эле туура санап, далай референдумга салып өткөрсө деле кийин баары бир кайра оңдолот экен го! Аны турмуш өзү тастыктап жатпайбы. Тилекке каршы андан жыйынтык чыгарган адам жок.

– Жылдыз Жолдошева “2017-жылкы бийликке Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири да келбеш керек” деген демилге көтөрүп жатат. Колдосо болобу же аша чаап жатабы?

– Убакыт кимдин ким экенин көрсөтүп жатпайбы: берилген убадалар менен анын аткарылышы эле мына ушундай мисалдарга себеп болуп жатат. Бир бирден санап берсе болот. Ошондуктан, өз убадасын аткарбаган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн кийин келер-келбеси келечектеги добуш берүүдө чечилет. А негизи Жолдошеванын демилгесин колдойм.

– Атамбаев менен Текебаевди элдешүүгө чакырып, алардын тиреши мамлекет үчүн пайдасыз экенин Медеткан Шеримкулов да айтты. Эки тарап тең акылга келип, жарашуу чечимин кабыл алганга күчтөрү жетеби?

– Орус макалында: “Худой мир лучше хорошей войны” – дегендей бир тыянака келишсе болмок. Аксакалдын экинчи сөзүн айтпадыңыз: анда М.Шеримкулов оппозиция эл душмандары эмес экенин, референдум өткөрүүгө каршы экенин билдирди. Бул сөздөр да окурман арасында талкуу жаратты. Кыскасы эки тарап тең тирешпей, бирин-бири угуп, иш алып баруусу керек. Анткени, тирештен мамлекет утпайт.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: