Menu

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” партиясынын лидери: “Атамбаевдин ката кетирип жатканын ачык айтышыбыз керек…”

Бөлүшүү:

Бир кездери саясый майдаңга таза чыйыр, жаратмандыгы менен жарк эте чыга келип, коомчулуктун оозуна алынган “Замандаш” партиясы ыраматылык Мухтар Өмүракуновдун дүйнө салышы менен саясаттагы баштапкы позициясынан кайтып, соңку шайлоолордо жыдыган, ар кайсы партиялардан куулгандар кирип-чыкчу “проходной дворго” айланганы жалган беле? Коомчулуктун көңүлүн кайт кылган дал ушул партияга кайрадан жан кирди. Өткөн аптада өзүнүн кезектеги съездин өткөргөн партиянын курамына буга дейре аты-жыты булганбаган, өңчөй жаштар саясый күчтүн курамын жаңылашып, бир силкинип алышты. Эмесе, калган кепти партлидер Жеңиш Молдокматов менен бирге улайлы.     

 — Жеңиш мырза, “Замандаш” партиясына кай негиз менен лидерликке шайландыңыз? Партиянын жүгүн көтөрчү лидердин капчыгында каражат жагы да көңүлдөгүдөй болушу керек. Саясаттагы “чыйпыт” лидер алардын баарын көтөрө алабы? Же өмүракуновдордун каражаты, түртмөлөөсү аркылуу жарышка аттандыңызбы? Баса, сизди жаш саясатчылардын арасынан “президенттик аппараттын кол баласы” катары сыпатташканына не дээр элеңиз?

— “Замандаш” партиясынын тарыхы, эл ичинде аткарган иши арбын. 2010-жылы бир топ жаштар Курултай өткөрүү демилгесин көтөрүшүп, белгилүү саясатчыларды чакырганыбызда жалгыз Муктар Сүйүналиевич келип, өз колу менен сыйлуу белектерин тапшыруу менен эл үчүн кызмат кылуубузду суранды эле. Андан бери агабыздан айрылганыбызга  беш жылдан ашыптыр. Ошол күндөн тарта “Замандаш” партиясынын жанында болдук. Оор күндөрү колкабыш кылып, жакшы күндөрүн бирге бөлүштүк. 2010-жылы Муктар Сүйүналиевич айткан сөздөр мен үчүн чоң аманат болду. Ошол себептен партияны жетектеп, зор жүктү жонго алуу менин милдетим деп эсептейм. Кудай буюрса, алдыга койгон максаттар көп, анын баардыгына элдин үмүтү жана колдоосу менен бирге жетебиз деп ишенем. Партиянын жүгүн көтөрчү лидердин капчыгында каражат эмес, жүрөгүндө ыйман, эли-жери үчүн кызмат кылуу дымагы менен саясый эрктүүлүгү биринчи орунда болушу керек. Саясый уюмдун жетекчиси болуу өтө оор, себеби саясый тайгак жолдо буттан тайбастан, партияны мамлекеттин кызыкчылыгында алдыга сүрөп чыгуу кыйын иш. Учурдан пайдаланып Муктар Өмүракуновдун биртууган агасы, өткөөл мезгилде партиянын жүгүн колуна алган Эмил Өмүракунов агама чын дилимден ыраазычылык билдирем. Себеби, Эмил Сүйүналиевич өлкөдөгү эң чоң партиянын бирин ишенип, өткөрүп берип жатат. Ал эми президенттик аппарат тууралуу айтып калдыңыз, андай соболума жообум кыска – мындай ушакты силерден биринчи угуп жатам. Мен орчундуу маселелер боюнча оюмду так айтып, тайманбастан бийликке талаптарымды коюп, айтор, камалган дагы учурларым болгон. Мен кыргызымдын кулуну, атанын уулу, Жараткандын кулумун!

— Саясаттагы азган-тозгондорду, ар партиялардан куулгандарды катарына топтой коюп, эл арасындагы “кадыры кыйналып” калган партияны жандантууңардын башкы себеби алдыдагы жергиликтүү кеңештерге даярдык, арылатканда ажолук таймашта бийликтеги таасирдүү күчтөр менен эсептешүү амалына өткөнүңөрдү танбайсыңарбы?

— 8-октябрь күнү партиянын XI съезди өтүп, жетекчилик, саясый кеңештин курамы жаңы адамдар менен толукталды. Аталган съездде келечектеги максаттар каралып, саясый багыттар аныкталды. Негизги максаттын бири, бул Кыргызстанда №1 партия болуу жана Кудайым буюрса эл менен биргеликте бул максатка жакынкы аралыкта жетебиз деп ишендирем! “Замандаш” партиясы өлкөдөгү баардык саясый күчтөр же уюмдар менен алакасы абдан жакшы жана бул багытта ишти дагы да болсо жакшыртабыз. Ал эми жергиликтүү кеңештин шайлоолоруна даярдык күчүндө. Партия өз программасы, күчтүү командасы аркылуу эл алдына өз күчү менен чыгат.

— “Замандаш” партиясынын ысык-суугуна күйүп, тээ далайдан бери келе жаткан бир катар мүчөлөр былтыр парламенттик шайлоодо партия жетекчилигинин калпыс, алысты көрө албаган саясатынын айынан баса беришкени бар. Бул сапар партиянын катарына кимдерди тартуу менен туу көтөрүүнү максат кылып жатасыздар?

— Эл алдына чындыкты айтуу парз. Туура, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо чоң саясый каталар кеткен жана жыйынтыгында айрым мүчөлөрдүн чыгып кеткени орун алган. Бирок ошол чыгып кеткен мүчөлөрдүн көбү бүгүн кайтып келишүүдө. Айтмакчы, шайлоо учурунда чыгып кеткендердин кээ бирлери башка партияларга катталып, жардам берген учурлары болгон, шайлоодон кийин кимдин-ким экенин түшүнгөн соң, “Замандашка” кайтып келе башташты. Бул “Замандаштын” чыныгы элдик партия экенин көргөзүп турат десем жаңылышпастырмын. Партиянын курамын саясый чөйрөдө булганбаган, таза, тажрыйбалуу, көрүнүктүү, билимдүү жаңы адамдар менен толуктай баштадык. Жакында эл алдына чыгара баштайбыз. Албетте, мекен үчүн ак ниеттен кызмат кылабыз деген замандаштар үчүн эшик ачык.

— Бакыт Төрөбаев баштаган “өнүгүүчүлөр” менен өнөктөш болуп чыгаарыңар чынбы? Президент Атамбаевге бир катар саясый күчтөр каршы турушууда. Силердин позиция кандай? Президенттик аппарат тууралуу каңшаарлар сизге карата чыгып жаткан соң айбыгып деле сын айта албайсыз го ээ?

— Бакыт Төрөбаев мен сыйлап, урматтаган саясатчылардын бири. Мамилебиз абдан жакшы жана жылуу. Максаттар дал келген учурларда албетте өнөктөштүк тоскоолдук кылбастыр. Ал эми ажобуз Алмазбек Шаршеновичке болгон позициям буга чейин кандай болсо, мындан кийин да ошондой калмакчы. Андыктан, президент ката кетирип жатса аны ачык айтышыбыз абзел. Эгер президенттин жетишкендиктери болсо белгилеп туруубуз зарыл. Бир беткей болуу калыстыкка жатпайт. Анын үстүнө саясый уюмдун лидери катары саясый аренада партиянын атынан чыккан соң, партиянын саясый кеңеши менен кеңешип туруу, партиялаштардын оюн эске алуу менин биринчи милдетим деп эсептейм. Көп партиялардын трагедиясы, алардын лидерлеринин өз партиялаштары менен кеңешпестен иш кылуусунда.

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: