–Алтынбек Аскарович, быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өткөнү баарыбызга маалым. Ага сиздин да кошкон салымыңыз чоң. Дегеним, аталган иш-чаранын экинчи бөлүгү болгон «Кырчын» жайлоосундагы оюн-зоокту уюштурууга сиз режиссерлук кылбадыңызбы. Мына ошол «Кырчындагы» даярдык учурунда артисттерге орой мамиле жасап, атүгүл «энеңди урайындар» деп сөккөнүңүздү КРнын эмгек сиңирген артисттери Сайра Мырзалиева менен Гүлмира Ташматова гезитке маек берип айтып чыгышыптыр. Аларды сөгүп жаныңызга эмне күч келди?
–Андай болгон эмес. Мен бирөөнү сөгүп орой мамиле кылмак түгүл, катуу сүйлөбөйм.
–Эми «шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт» да. Бир эмес, эки артист айтып жатканына караганда сөккөнүңүз чын го?..
–Жок, сөккөн эмесмин. Ал эжекелерибиздин эмне себептен антип айтып жатканына таң калып жатам. Артисттерге абдан жакшы шарт түзүп бердик. Баарына бирдей, жапжакшынакай эле мамиле кылганга болгон аракетимди жумшадым. Эми көпчүлүктө ар кандай адамдар кездешет экен да…
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ