«Гранд Строй Инвест» ЖЧКсынын директору Данияр Хайдаровго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 13-февраль күнү билдирди.
Алардын айтымында, «Гранд Строй Инвест» ЖЧКсынын директоруна козголгон кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Ал Бишкектеги батирлерди курууда жана аларды сатууда алдамчылык фактысына шектелип жатат.
Такталгандай, Данияр Хайдаров жарандардан жер тилкесин алып, жаңы курулуп жаткан үйлөрдөн батир берүүнү убадалаган. Бирок ал айткан сөзүн аткарбай, качып кеткен.
2019-жылы декабрь айында сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Д.Хайдаровго кылмышка шектүү катары билдирүү чыккан. Соттун тиешелүү чечиминде Данияр Хайдаровду анын баш коргоо чарасы каралып, издөө иштери жарыяланган.
Учурда Данияр Хайдаров укук коргоо органдарынан качып жүргөнү менен тергөө иштерин аксатып жатат.
“Эгерде «Гранд Строй Инвест» ЖЧКсынын директорунан жабыркагандар болсо, же ал тууралуу маалымат билсеңиздер: Бишкек ш., Манас пр. 101/1, жана (0312) 323 091, 323 707 номери аркылуу кабарлап коюңуздарды суранабыз” – деп айтылатт билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ