Menu

Ширин Айтматованын күйөөсү алдамчыбы же…

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи май райондук соту 21-декабрда экс-депутат Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевди эки айга камоо чечимин чыгарды. Сот аны ТИЗО-1де 2020-жылдын 20-февралына чейин калтырды. Бул тууралуу Айтматова өзү кабарлады. Аны жана башка туугандарын, ошондой эле журналисттерди сот отурумуна киргизишкен эмес.

Айтматованын жолдошу Кенжебаевди УКМКнын кызматкерлери Алматы Аэропортунан 20-декабрга караган түнү кармашкан. Ал үй-бүлөсү менен Чыңгыз Айтматовдун жубайынын дарылануусу үчүн чет өлкөгө учуп кетиши керек болчу.

Кийинчерээк атайын кызматтан Кенжебаев алдамчылык боюнча кармалганын билдиришкен.

Алдамчылык боюнча ишти эмне үчүн ИИМ эмес УКМК карап жатканы айтыла элек. Ведомствонун маалыматы боюнча, Кенжебаевдин үстүнөн арызды кытай ишкери Мотайлифу Маймайтяминг жазган. Ал Кыргызстанга «Коопсуз шаар»  долбоорунун сынагы үчүн катышканы келген жана ири кытай компанияларынын бирин жетектейт.

Ал маалымат жыйын куруп Кенжебаев анын өнөктөшү болгонун жана паспортун алып коюп бере электигин, ошондой эле акча опузалаганын билдирген. Маймайтямингдин адвокаты УКМКга арыз жазылганынын себебин Кенжебаев ИИМдеги тааныштары менен коркутканына байланыштуу деп маалымдаган.

Айтматова укук коргоо органдарынын жолдошуна болгон кызыгуусу, ал бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ишме-дүүлүгүн иликтей баштагандан кийин пайда болду деп айтылууда.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: