Бишкектеги «Антошка» тез тамактануучу жайдагы газ балон жарылуусунан жабыркагандардын баары сакайып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Бишкектин травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков журналисттерге билдирди.
Эске сала кетсек, 8-ноябрда чак түштө, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Антошка” тез татым түйүнү жарылып, бир кызматкер Алия Сагынбаева аттуу кыз каза болуп, 13 киши ар кандай жараат алып, ооруканага жаткырылган.
9-ноябрда «Антошканын» арендатору камалган. 11-ноябрда ашкананын ээси ұй камагына чыгарылган. 22-ноябрда, Бишкек шаардык соту аталган жайдын ижарачысынын баш коргоо чарасын өзгөртүп, ага Кылмыш иш Жазык кодексинин 261-беренеси (өрт коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча иш козгогон. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ