Menu

Аида Исмаилова, вице-премьер-министр: “20-апрелге карата 4598 медициналык кызматкерге 28 млн сом сумдук кошумча төлөмдөр берилди”

Бөлүшүү:

Медициналык кызматкерлердин негизги айлык акысы толук төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

“Финансы министрлигинин астында түзүлгөн атайын депозиттик эсепке түшкөн 129 млн сом түшкөн. Анын ичинен медицинналык кызматкерлердин марттагы айлыгына 11 күнү үчүн, кошумча төлөм үчүн 38,5 млн сом бөлүнгөн. Алардын ичинен 20-апрелге карата 4598 медициналык кызматкерге 28 млн сомдук кошумча төлөмдөр берилди. Каражаттарды ачык жана натыйжалуу бөлүштүрүү максатында премьер-министрдин буйругу менен атайын комиссия түзүлдү. Анын курамына жооптуу мамлекеттик кызматчылардан тышкары ЖКнын 3 депутаты жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирди. Апрель айындагы кошумча төлөмгө 132 млн сом бөлүү пландалып жатат, бул сумма дагы такталат. Ал эми жогоруда белгиленге комиссияны мен өзүм жетектейм. Комиссиянын ишин ачык-айкын көрсөтүү – биздин эң негизги максат болуп жатат, – деп билдирди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: