Menu

Айчүрөк Иманалиева, КРнын эмгек сиңирген артисти: “Аял үйдүн куту”

Бөлүшүү:

– Жолдошуңуз экөөңүздөр таарынышып кеткенде ким биринчи кадам шилтеп сөз баштайт?

– Мен биринчи кадам шилтеп, мен сөз баштайм. Анткени “Аял үйдүн куту” деп коюшат эмеспи. Аял киши үй-бүлөнү ынтымакка чакырып, баарынын башын бириктирип туруш керек. Көк бет эмесмин. Аябай ак көңүл жана жөнөкөймүн. Таалай экөөбүз тил табышпай таарынышып кеткенде мен биринчи сүйлөп баштайм. Бирок жумуш аркылуу эле таарынышпасак, экөөбүз тең аябай камкор, мээримдүү ата-энелерденбиз. Балдарыбызды эч качан биз көргөн кыйынчылыктарды көрбөсө экен, жаман сөз угушпаса экен деп канатыбызга калкалап багып, тарбия берип, ошол үч балабыз үчүн жашап келебиз.

Назми, ырчы: “Апам жоолук салгандан кийин толкунданып…”

– Алгачкы келин болуп барган күнүңүз эмнеси менен эсиңизде калган?

– Келин болгондун да өзүнчө бакыты бар экен. Биз шаарда тургандыктан, айылга аз убакытка барып калабыз. Ошондуктан баргандан кеткенге чейин апама колумдан келишинче жардам берип, тынбай кызмат кылганга аракет кылам. Көлдүктөр улгайып калганча бири-бирине жүгүнө беришет эмеспи. Мен дагы барган сайын жүгүнүп турам. Биринчи жолу келин болуп барганда биз менен бирге сахналаш досторум Сапар Сопубеков, Роза Шакирова жолдошу менен барышты. Апам көшөгөнүн ичинен ак жоолугун салып, бетимден өөп чыгып кетти. Мен өзүмдү жоготуп толкунданып, жанымда турган Сапарды жоолугумду жакшы салып берчи десем, ал дагы оңдоп кирди. Себеби Сапар экөөбүз ал тебетейи менен, мен жоолугу менен форма тиктирип, дайыма сахнага чыгаарда Сапар жоолугумду салып, оңдоп берчү. Ошого көнгөн жаным, апам салгандан кийин Сапарды карап “салып берчи” деп жатпаймынбы.

Добр, ырчы: “Атым өзүмө жакчу эмес”

– “Добр” бул өзүңдүн атыңбы?
– Өзүмдүн атым Адилет. Фамилиям Добранов. Бул ат менен мектеп убагында бардыгына таанылып калгам. Себеби мугалимдер атыбыздан эмес Добранов деп фамилиябыз менен чакырчу. Ошол кезде бири-бирибизге лакап ат койгон мода болуп, мени “Добр” деп айтып калышкан. Бирок өзүмө жакчу эмес. Ошону үчүн дагы классташтарым менен урушуп кеткен күндөрүм болгон. Бул ат кулакка сиңип калгандыктан, шоу дүйнөгө деле ушул ат менен аралашып кеттим.
Курал ЧОКОЕВ, ырчы: “Прокурордун дөңгөлөгүн жарып…”

– Бала кезиңде шоктук кылып ата-энеңден уруш жеген күндөр болду беле?

– Ооба, андайлардын далайы баштан өткөн. Чоң атамдардын орус кошунасы кичинекей небереси менен жашап, сагыз, майда-чүйдө конфеттерди сатчу. 3-класс кезимде менден 4-5 жаш улуу балдар “Ушул кемпирдин үйүндө салюттары бар. Ошону мага алып келип бергиле” – деп коркутуп жиберишти. Биз бандиттердей болуп жашынып, жөргөлөп салютту алып, кетип бара жатып сагыз, конфеттеринен уучтап чөнтөккө салып чыгып баратсак мени небереси көрүп калат. Аны мен билбейм. Жыргап үйгө келип, чоң сагызды оозго алып чайнап, терезени карап турсам тиги апа биздин үйгө кирип келе жатат. Жүрөгүм түшүп алдынан чуркап чыгып, жүрүңүз апа, мен баарын көрсөтүп берем деп, балдардын үйлөрүн көрсөтүп бул тигини алган, бул муну алган деп көрсөтүп бергем. Бирок апамдар баары бир билип калып аябай урушушкан. Дагы бир орустун үйүнө дайыма прокурор конокко келип турчу. Мен кичинекеймин да, эч нерсе билбейм. Чоң балдар “прокурор жаман киши” десе ии, жаман турбайбы деп машинасынын дөңгөлөгүн жарып салып дагы ата-энемден уруш жегем. Мен ушундай тентек, шок бала болчумун.

Гүлмира, “Кеңеш” тобунун солисткасы: “Үй-бүлөнү кармап калыш биздин колубузда”

– Мүсүр байкенин кайсы мүнөзүн жактырасыз?

– Негизи адам биринчи бири-бирин 3 жыл сүйөт, 5 жылда ага-карындаш, ал эми 7-8 жыл өткөндөн кийин бири-бирине көнүп бактылуу турмуштун даамын татып башташат экен. Ошондой эле мен да кээде Мүсүр, мени сүйөсүңбү деп сурап калам. Мүсүр тамашага салып мага сүйүүсүн арнап калат. Аял заты өтө назик болгондуктан ар бир нерсени жүрөгүбүз менен кабыл алабыз. Ошондуктан ар бир кызга турмуш кургандан кийин үй-бүлөнү кармап калыш биздин колубузда экенин унутпагыла деп кеңеш айткым келет. Мүсүрдүн бардык мүнөзүнө көнүп калгандыктанбы, айтор бардык мүнөзү жагат.

Бекчоро, ырчы: “Балдар менен согушуп кеткеним чын”

– “Бекчоро, балдар менен согушуп көзү көгөрүп, коомчулукка көз айнекчен чыгууга аргасыз болгон” дешет. Ошол чынбы? Көз айнектериңиздин саны канча? Жана эң кымбаты канча турат?

– Чынын айтсам балдар менен урушуп кеткем. Эртеси клип тарттырар күнү көзүм көгөрүп, көз айнек тагынууга туура келди. Ошол убакта “ Мен үчүн белең” деген ырым хит болуп жаткан. Бир жумадан кийин “хит-парад” көрсөтүүсүнө көзүмдүн көгү тарабай, көз айнек кийип тартылгам. Ошондон кийин продюсерим Семетей Мурзалиев көз айнекчен жүрүүгө сунуш киргизген. Өзүм деле кызыгып көз айнек тагынып калгам. Негизи буга чейин 300 дөн ашык болчу. Кийинки убактарда кызыкпай деле калдым. Мурда көргөн жерден эле баса калып сатып алчумун. Туугандарым,  жакын досторум  белекке көз айнек беришчү. Азыр досторума, жакындарыма  жана күйөрмандарыма таратып, жоготуп, сындырып жатып 60тан ашыгы калды.  Алардын ичинен эң кымбаты 400 доллар Италиядан дос балам салып жиберген жана Кореядан 350 долларга көз айнек сатып алгам.

Элина АБАЙ кызы, актриса: “Кыйынчылыктын баары режиссердун мойнунда”

– “Боз салкындагы” аткарган ролуң өзүңө жагабы? Кичине кезиңден бери киного тартыла берип кино тартуунун кандай кыйынчылыгы бар экенин билип калсаң керек?

– Ал кезде тасмага тартылат деген эмне экенин билчү эмесмин. Эрнест байке “тартыл” десе тартылып, “бийле” десе бийлеп жүрө бергем. Кийин тасмадан өзүмдү көрүп алып аябай күлгөм. Негизи ошол кезде кинодо кандай болсом, өзүмдүн жашоомдо да аябай шок, тентек, эрке кыз болчумун. Албетте, ар бир тасма тартууда кыйынчылык жаралат. Эң башкы кыйынчылыкты тасманын режиссеру тартат. Анткени ал таң эрте актерлорду чогултуп, аларды жасап-түзөп, кийинтип, даярданып, эки-үч саат тарткандан кийин кеч кирет. Бир күн кыйналып тарткан кадрлар монтаждаганда, беш мүнөттүк болуп калат. Андан сырткары акча каражатынан көп аксап калаарын билип калдым. Бирок мурдагыга караганда кыргыз киносунда жакшы, жаңы ачылыштар байкалып калды.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: