Menu

Карамат Орозова, Жогорку Кеңештин депутаты: “Аял заты аралашпаса коом өнүкпөйт”

Бөлүшүү:

Апам китепти айрытып отко салдырбайт.

Атам Орозов Бабаш – согуштун ардагери, эмгектин ардагери, өмүрү өткөнчө өздөштүрүлбөгөн жерлерди өздөштүргөн аграном болгон. Чарбада иштегенди атам бизге үйрөткөн. Мен баатыр эненин кызымын. Апам Орозова Апиза Ата-Мекендик согуштан кийин өлкөнү калыбына келтирүүдө кызмат кылган, тылда иштеген, өзү чебер өмүр бою быткомбинатта тигүүчү болуп иштеп, ардактуу пенсияга чыккан. Биз сегиз бир тууганбыз, Эки эркек, алты кыз. Атам менен апама өмүр бою кызмат кылсак да эмгегин кайтара албайбыз. Биз баарыбыз 2-3 окуу жайын аяктаганбыз, апам мектепте жакшы окуган экен, согуштун айынан жогорку окуу жайда окубай калып арманы аябай күч болду. Ошон үчүн да бизди, баарыбызды жогорку билимдүү кылганга аракет кылды. Апам ушул күнгө чейин китепти айрытып отко салдырбайт. Китеп окуп адам болдуңар деп урушат. Атам эски чарбакер адам болгону менен бизди заманбап тарбиялаганга аракет кылчу. Мен жаш кезимден тартып саясий кызматта ишти баштагам. Устаттарым “докладды окуп койгондон көрө, көйгөйдү сөз менен айтсаң жеткиликтүү болот”-деп үйрөтчү. Биздин үйдөн эки эжем, мен анан иним мугалимдик кесипти тандаганбыз.

Менин турмуш жолум өтө татаал болду

Чоң иним рааматылык, Орозов Шамшидин Фрунзеден Мединститутту, Москвадан АМНту бүтүргөн өтө билимдүү, чыйрак, тыкан доктор эле, ооруудан 54 жашында каза болду. Эң улуу эжем Орозова Париза да эки жогорку билимдүү мугалим эле, 63 жашында инфрактан каза болгон. Эң кичүү иним Орозов Мыктарбек орус тилинен мугалим, аграном болчу, 42 жашында каналга агып каза болгон. Бир тууганды жоготуу өтө оор экен, такыр унута албайсың. Калган бир туугандарым, жакындарым аман болсун деп Кудайга шүгүр кылып келем. Атам да 65 жашында кан басымы көтөрүлүп каза болгон, биздин ийгилибизди көрө албай калды. Атам каза болгондо кичине эки иним, эки синдим студент эле баары менде калды. Апам пенсионер, эжелерим турмушта мен жардам берип жүрүп, кеч турмушка чыккам. Ошон үчүн да балдарым былтыр гана окуу жайды бүтүп, иштеп жатышат. Жолдошум 40 жашында жүрөк ооруусунан каза болгон. Менин турмуш жолум өтө татаал. Эмне кылат элек тагдыр да. Башка салганды көтөрөсүң. Элим, журтум аман болсун, алардын ичинде үй-бүлөм менен мен аман болоюн – деп кудайдан тилейм.

Күндүз сабиз, пияз тазалап кечкисин жууркан тикчүбүз

Мектептеги күндөрдү эстесем бир жылмайып алам. Биз көбүнчө окуу менен гана алек болот элек. Олимпиадага, жарыштарга даярдануу, баруу биз үчүн сыймык эле. Көп бир туугандуу балдар, өзгөчө улуулары колу бошоп, кенен ойноп жүрө албайт. Себеби, жаныңда кичүү бөбөктөрүң болот. Аларды караш керек. Эсимден кетпегени сабактан үйгө келсем атам бир машина пияз же сабиз, картошка түшүрүп койгон болот. Аны көргөндө балалыкка салып маанайым түшөт. Апам чебер адам. Кыздын себин да тикчү. Төшөк, жууркан алып келип койгондо көңүлүм чөгөт эле. Себеби күндүз сабиз, пиязды тазалап киргизсек, кечинде апам жууркан тиктирет эле. Мектепте волейбол ойночубуз. Каникул учурунда өндүрүштүк бригадада иштечүбүз. Мектеп жашынан чөп чабуу, пахта терүү ж.б айыл чарба иштери менен чоңойдук. Студенттик күндөр да чөп жыйноо, пахта терүү менен өтүп кетти. Мен Ош Мамлекеттик Университетинин физика, математика адистигин бүтүргөм. Кийинки Алма Ата шаарындагы Жогорку Партиялык мектебинде күндүзгү бөлүмүндө окугам.

Балдарым менен сырдашканды жактырам

Биз Баткендиктер плов жасаганды жакшы көрөбүз. Баткендин Ак Турпак күрүчүнөн көп аш басам. Үй-бүлөмө убакыт таап, аларга өз колум менен аш демдеп берип турам. Менин үй-бүлөмдүн башында апам турат. Апам 90 жаштан ашты. Дайыма убакыт таап апама барып турам. Ал дайыма мени күтөт. Дем алыш күндү абдан күтөт. Балдары менен чогу болгусу келип жол карап турат. Колдон келишинче күттүрбөй, апама тез барганга аракет кылам. Канча убакыт тартыш болсо дагы бир күндө бир саат жолугушуп, сүйлөшүп отурам. Уулум менен кызым бой жетип калгандыктан алар менен да көп-көп сырдашып турам. Бала менен сырдашып туруш керек.

Депутат болуп төрөлгөн эмесмин, мөөнөт бүтсө кетебиз

Коомдук транспортто жүрүүдөн уялбайм, анткени мен депутат болуп төрөлгөн эмесмин. Мөөнөтүбүз бүтсө кетебиз. Коомдук транспорт тескерисинче мага ыңгайлуу. Анткени коомдук транспортту колдонгон жөнөкөй жашоочулар менен баарлашып турууну жакшы көрөм. Алардын көйгөйүн угуп, эмнеге эл муктаж экенин элдин көзү менен карап билип алуу мүмкүнчүлүгү болот. Мен жөнөкөй үй-бүлөдө тарбияланып чоңойгом. Ушул кезге чейин эл арасында жүрөм. Эл менен иштешип жүрөм. Коомдук транспортто эл өкүлдөрүнүн, мамлекет кызматкерлердин жүргөнү элге да ыңгайлуу. Анткени алар чече албай жаткан маселелерин сурап, чечүүнүн жолун табууга мүмкүнчүлүк ачылат. Менден көбү кабыл алуумду суранышат. Акыркы мезгилде ден соолугума байланыштуу жеңил машина менен жумушка барып жүрөм. Тааныш балдардан айдоочу алгам. Анын айлык акысын фонддун эсебинен төлөп берем.

Аялга таандык назиктик

Аял киши назик болот, гүлгө өтө жакын болот. Кайсы аял болбосун гүлдү көргөндө жүзүндө жылмаюу пайда болот. Баткендеги үйүбүздө гүлдүн түрүн өстүрчүмүн. Бул жактагы үйгө да гүл өстүрүп бир жылы эки айга айылга кетсек бут соолуп калыптыр. Гүлдөр тынчтыкты, баарлашууну сүйөт. Алар менен кишидей сүйлөшүп туруш керек. Ошондо жакшы өсөт. Гүлдөрдөн гвоздиканы, розаны жакшы көрөм. Сулуулук салондорго көп деле барбайм. Болгону чачымды ирээтке келтирүү үчүн гана барам.

Бешенеге жазылса карьера да болот

Аял заты үчүн биринчи кезек үй-бүлөө күтүп, балалуу болуп, аларды тарбиялоо эң башкысы. Ал эми карьера бешенеге жазса болот, болбосо жок. Мамлекетти өнүктүрүүдө, саясатта, экономиканы көтөрүүдө мамлекетибизде стабилдүүлүктү сактоодо, идеологияны жүргүзүүдө аялдын орду чоң. Аял заты аралашпаса коом өнүкпөйт. Үй-бүлөдө да аял затынын колдоосу болбосо мырзалар алдыга жыла албайт. Бул нерсени мен айтып жаткан жокмун, турмуш өзү көрсөтүп турат.

Гүлмира Шаршеева

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: