Акыркы күндөрдө өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаал коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Тараптардын тирешүүсү эмне менен аяктайт болду экен деп кылтыйып четтен аңдып, ыңгайлуу учурду күткөн үчүнчү топтор толтура. Оппозиция опурулуп- жапырылып, бийликтин кемчиликтерин көзгө сайып көргөзүп, талуу жерден кармап алгандай таасир калтырууда. Бийлик болсо абалды турукташтырып калууга далбастап, «карышкыр ток, кой аман» ишараатын кылып атат. «Октябрда жардыруу болот» деп бир жагынан батыштын «көзү ачык» элчиликтери эсти оодарууда. Кыргызстандын эртеңи эмне болот деп санааркаган мындан көп. Мындай шартта парламенттик шайлоодон өтпөй калган «чала жан» саясий партиялардын деми кантээр экен деп сыдыргыга салып көрсөк, кол манжадай саналуу гана дымагы бар экен. Дээрлиги кырдаалга ыктап, оппозициянын көлөкөсүнө сүңгүүдө. Алардын ичинен «Замандаш» партиясы гана ачык аракетке өтүп, эл алдында отчетун берип, мурда кетирген саясий каталарын оңдоп-түзөп, кайрадан баштапкы идеясына кайтып барууга ниет коюп, партиянын ички-тышкы талабын жаңылоого киришип, аталган партия XI съездин өткөрдү. Анда партиянын башына жаңы адамдар келгени, жаңы программа кабыл алганы маалымдалды. Партияны жаш саясий ишмер Жеңиш Молдакматов жетектеп, маркум Мухтарбек Өмүракуновдун жолун улантып, «Замандаштын» туусун колго алганын эшиттик. 10 жылдык тарыхы бар бул партия чындап кайра калыбына келсе, мурдагыдай электоратын түзө алса, позициясынан тайбаса, эл оозуна алынган «элдик партия» атын сактап калууга, саясатка тикелей таасир этүүгө толук шансы бар. Кызыгы, эми «Замандаш» кайсы саясий күчкө ыктаар экен же өзүнүн гана күчүнө ишенеби? Муну мезгил көрсөтөөр.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ