Menu

Пакистанда мейманканадагы өрттөн ондон ашуун адам набыт болду

Бөлүшүү:

Пакистандын Карачи шаарындагы мейманканадан чыккан өрттүн кесепетинен ондон ашык адам курман болду. Полициянын маалыматына караганда, өлгөн 11 адамдын ичинен төртөө аял болгон. Күйүктөн тышкары ис уруп жана түтүндөн тумчугуп набыт кеткендер дагы бар.

Бүгүн эртең менен тутанган өрттүн кесепетинен 50 адам күйүк жана түрдүү жаракат алды. Ооруканага жеткирилгендердин арасында ис урган, ошондой эле сынык менен түшкөн чет өлкөлүк жарандар бар.

Жогорку кабаттын терезелеринен шейшептердин жардамы менен адамдарды ылдый түшүргөн учурлар видеого түшүп калган.

Кырсыктын келип чыгуу себептери аныктала элек. Бийликтин маалыматы боюнча өрт имараттын эң жогорку кабатындагы ашканада тутанган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: