Menu

Хитке айланган “Зың-зың” ырынын автору Болат Нурымов Шымкентте каза болду

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-октябрда хитке айланган “Зың-зың” ырынын автору Болат Нурымов Шымкентте ооруканадан каза болду. Бул туурасында маалыматты казак интернет басылмалары жазып чыкты.

Болоттун досторунун сөздөрүнө караганда, ал акыркы күндөрү суук тийип катуу ооруп жүргөн жана узак убакыттан бери ооруканада дарыланып жаткан.

Tengrinews.kz басылмасына Нурымовдун жакын досу  Саги Алмуратов анын өпкө оорусунан улам каза болгондугун билдирген. Анын айтымында, Нурымов Шымкенттеги ооруканага 23-октябрда келип түшкөн, ал Ташкентке дарыланууга бармак, бирок абалы өтө начарлап 24-октябрь күнү реанимациядан каза болуп калган.

“Бүгүн, 25-октябрда аны акыркы сапарга узаттык. Ал үй бүлөсүнөн эң кичүүсү, агалары бар жана 1,5 жаштагы уулу калды”, – деп белгилеген Алмуратов.

Дал ушул Нурымов интернетте “вируска” айланган “Зың-зың” ырынын сөзүн жана анын музыкасын жазган. Ал 1989-жылы туулган.

Булак: “kyrgyztoday.kg”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: