Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда белгисиз аял көчөдөгү дааратканага төрөп, төрөгөн соң кетип калган. Маалыматка караганда жергиликтүү тургундардын айтымында барак түрүндөгү бул үйдө кош бойлуу аял жашачу эмес. Ал кайдан келгени белгисиз. Жашоочулар милиция менен тез жардамды чакырышкан. Алар даараткананын чуңкурунан жаңы төрөлгөн кызды алып чыгышып, дарыгерлер келгиче киндигин кесип, жуунтуп коюшкан.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ