Чагымчыл билдирүүлөрдү тараткандарга катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, акыркы учурда WhatsApp тиркемесинде жана башка социалдык тармактарда чагымчыл мүнөздөгү материалдарды камтыган, аймактардын, улуттардын ортосундагы душмандыкты күчөтүүгө багытталган аудио билдирүүлөр тарап кеткен учурлар катталган. Учурда УКМК жана башка укук коргоо органдары тарабынан чагымчыл билдирүүлөрдү тараткан адамдарды аныктоо боюнча иштер аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, улуттар жана аймактар аралык душмандыкты козуткан белгилери бар материалдарды даярдоо жана таратуу Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеде көрсөтүлгөн кылмыш жоопкерчилигине түртөт.
Буга байланыштуу УКМК жарандарды мындай билдирүүлөрдү интернет айдыңында таратуудан алыс болууга чакырат жана ушундай учурларга күбө болсо, укук коргоо органдарына кайрылууну суранат.
Булак: Кыргыз Туусу
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ