Menu

Күлмүнөт: Кайнененин камыры

Бөлүшүү:

Ашык-кеми жок “тогуз айлык” камандирөпкөдөн кийин адам сыяктанып жерге түшөсүң. Нерсенин эркин түшүү ылдамдыгы менен дүйнөнүн тартылуу күчүнүн гүмжардамы аркылуу түшөсүң. Муну физика закүнү дейт. Кыйратып койгонсуп, “баа!” деп коркутуп түшөсүң. Өшөнтүп, бааң көтөрүлөт. Салмагың бир гилге (кг) жетпесе, сага Аратөрө деген ат коюшат. Тебетейге салып багышат. Тебетей жок болсо, тумакка салып багышат. Үч гил болуп төрөлсөң ак бешикке бөлөп, ак сүтүн берип, ары-бери терметип бөпөлөшөт. Эмчек жокто Упчу дегени келет, жалгыз көзүн жылтыратып. Соске деген бадырушкеси бар. Өкөө исмендешип иштешет. Эгер ыйлаак болуп калсаң, сени гөтөнгө чаап турушат. Муну атаненин алаканы дейт. Ал кезде баш иштебейт, буттун эле шору болот. Эки эмес, төрт буттап эмгектенесиң. Муну “эмгек” сабагы дейт. Бутуң кайсы жерден мүдүрүлсө, башың ошол жерден сабак алат. Демек жетиге чыкканча жерден тарбия аласың. Муну “география” сабагы дейт. Бул сабакты калтырбай окугандар кийин бискултура сабагынан тың болушат.

Ошентсе да, жети жылдык география сабагынан кийин эсеп сабагы биринчи орунга жүткүнүп чыга баштайт. Калдайган баштын ичи кадимкидей жанданып, бирди бирге, экини экиге манжаларды ачып-жуумп коштура баштайт. Мээнин алы келбей калганда мурдуңан маңкаң куюла баштайт. Маңкаңа жараша мааниң билине баштайт. Кокус мааниң жок болсо, жок дегенде мани-маниң болуш керек. Ансыз мал боло албайсың. Муну “зоология” сабагы дейт. Мал болуп кетсең, көп узабай жылкы мүнөз пайда болот. Адегенде ат болосуң. Алты асый өткөндө өзүң аткаминер болуп чыга келесиң. Андан ары келечегиң кең болот. Чоң оюндарга катышасың. Андан аман чыгасыңбы-чыкпайсыңбы, аны турмуш көрсөтөт. Муну болсо турмуш сабагы дейт…

Кайнененин камыры

Экөөнүн маегинен:

-Сени бөлөк аялга үйлөндү дейби?

-Ооба.

-Аның биринчи аялыңдын сиңдиси турбайбы, чынбы?

-Чын.

-Сага түшүнбөдүм?..

-Карыганда кайнене алмаштырыш кыйынкен, достум…

Акардийонго акча чогулталы!..cc1fff66-8c40-422d-b591-0915c28be9c6

-Ало, досум кандайсың! Биз бул жерде Мидиндин эч жерде чыгалек ырларын таап алдык. Сонун ырлар барекен. Бул жерде аспирантурада окуган эки кыз бар. Консерваториянын бир студент кызы да бар. Эгер колуң бош болсо, үч кылдуу комузуңду же эки кылдуу кылкыягыңды ала келчи, бир черди жазалы!

-Үч бөтөлкөгө акча жетпейт, эки бөтөлкөгө жетиши мүмкүн, кылкыякты ала барам го…

…жүз сомуң болсун!

Биринчи класстын баласына жүз сом беришет.

-Мен баймын,-дейт ал сүйүнүп.

Бешинчи класстын баласына жүз сом беришет.

-Жоктон көрө жогору,-дейт ал мостоюп.

Он биринчи класстын окуучусуна жүз сом беришет.

-Ушу да акчабы?!-дейт ал кыжаалат болуп.

Биринчи курстун студентине жүз сом беришет.

-Мен бүгүн баймын, эй!-дейт ал кубанып…

Ичөткөктөр десе!..

Медакадемиянын эки студенти көчөдө келатышат. Асты жакта бир абышка бир аз талтайып, араң басып баратат. Анда студенттердин бири:

-Мунун оорусу геморрой!

Анда экинчиси:

-Менин диагнозум боюнча – паркинсон!

-Кел, мелдешебиз!

-Давай!

Экөө абышкага жетип келип, өз ойлорун айтышат. Анда абышка:

-Силер да, мен да кичине жаңылып калдык, ичим түйүлгөнүнөн кичине жел чыгарып жеңилдейин десем, “тигиниси” кошо чыгып кетип атпайбы, иттики десе!..

Эртеңки “куйрук”

Эки студенттин маегинен:

-Сен канча сабактан куладың?

-Үч. А сенчи?

-Эртеңкини кошкондо беш болот!..

Сен билбеген балээ жок!..

-Биздин институтта кайсы үч сөз баарынан көп колдонулат?

-Мен кайдан билем…

-Жообуң туура!

Катыган музыка

Студент:

-Кээде үн катпай турсаң, акылдуудай таасир калтырасың.

Профессор:

-Аны экзаменден кийин текшерип көр, азыр болсо белеттеги суроого жооп бере сал…

Эринбей иште, эй…b48545a7-9f9a-43fe-89a6-9560f77fa0f3

Курулушта ар кайсы улуттун өкүлдөрү кирпич ташып иштеп атышат. Элдин баары алтыдан кирпич көтөрүп ташыса, бир кыргыз бирден кирпич көтөрүп ташып атат дейт. Аны көрүп калган прораб кыйкырат:

-Сенден бөлөктөр алтыдан кирпич көтөрсө, сен бир кирпич көтөргөнүң эмнең?!

Анда кыргыз кебелбей:

-Аларың жеткен жалкоо немелеркен, кайра баргандан эринишип алтыдан көтөрүп атышпайбы!..

Акыркы дүрмөт!1a8cf463-3027-4554-b27c-d0c353085de0

Абышкасы менен кемпири төшөктө уктай албай жатышат. Бир маалда кемпири:

-Чыныңды айтчы, сен менин көзүмө чөп салдың беле?

Абышкасы бир аздан соң үн катат:

-Бир жолу болгон…

Кемпири зекип:

-Ошол бир жолкуң азыр кереги тийбейт беле, кудайдын каарына калгыр…

Бөтөндөр жана бөтөлкөлөштөр

Биринчиси айтат:

-Жаныбызда жоктор үчүн бир алып койбойлубу?

Анда экинчиси жооп берет:

-Туура айтасың, келип калалекте серпип жиберели!..

Булак: Де-Факто 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: