Menu

Эсеп палатасыбы же «Эзет палатасыбы?»

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы деген органы бар. Мамлекеттин карамагындагы мекеме-ишканаларды, обладминистрацияларды, акимчилик, айыл өкмөт жана башка мамлекеттик бюджеттен каржыланган бардык органдардын пайдаланган каражаттарын максаттуу пайдаландыбы же жокпу деп текшерүүгө алып турат. Эгер бул палатаны кадимки ооруканадагы «палатага» салыштыра турган болсок, абдан катаал палата. Бул палата бир да «пациентти» соо чыгарбайт. Канын соруп, майын сыгып туруп жолго салат. Бул эми жөн гана логикалык салыштыруу. Бирок 50Х50 чындыгы бар. Карап көрөлү, Эсеп палатасынын аудиторлору келе жатат дегенде күтүп жаткан же «курмандык» боло турган жердегилер алардын кареги менен тең айланат. Эсеп палатасынын «акушерлери» тоюс, аудиторлору илибоюн «туудурат». Себеби бизде мыйзам бузбай кынтыксыз иштеген бир дагы мекеме-ишкана жок. Ошондуктан акчаны кантип пайланганын далилдеп бергенге эч ким батынып бара албайт. Андан көрө алдын-ала даярданып, «кантип коноктойбуз, канча беребиз?» деген суроо менен баш оорутушат. Эгерде биздин ошол Эсеп палатасынын аудиторлору ак иштеп, барган жериндеги мыйзамсыз каражат короткондорду аныктап ачыкка чыгарып турса, бүгүн бюджетибиздин бир тобу ошолор тапкан каражат менен толукталып турмак. Тилекке каршы, биз ишенген аудиторлор барат дагы, мыйзамсыз ишти таап чыгып, бирок алчусун алып туруп жаап коюшат. Көмүскө экономиканы, «двойная бухгалтерияны» жоёбуз десек, адегенде аудиторлордун абийирин ойготуп, анан ишке киришүү зарыл. Болбосо эл катары айлык алып иштеген эсеп палатасынын кызматкерлери кандай жашап жатканын карагылачы! Минген машиналарын көрсөң оозуң ачылат. Өзү мамкызматта иштесе, ал миллиондор кайдан анан? Кызмат абалынан кыянат пайдаланган мекеменин мамлекетке пайдасы тийбегенден кийин эмне кереги бар? Жоюп эле жиберсечи?

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: