Маалымат айдыңында бир топ жылдык тарыхы бар, окурман журтчулугуна кеңири таанымал айтылуу «Вечерний Бишкек» гезитинин «Бишкек-Ош» деген аталыштагы кыргызча варианты жарык көрдү. Жаңы басылманын аты эле айтып тургандай, өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырып, ар бир дубанда өтүп жаткан орчундуу окуяларды, жаңылыктарды, саясий-социалдык көйгөйлөрдү, элдин үнүн чагылдырууну көздөйт. «Бишкек-Ош» гезити тигил же бул саясатчынын камчысын чаппай калыс, объективдүү басылма болууга дилгир. Эмесе «Бишкек-Ош» гезитинде иштеген кесиптештерибизге ийгилик каалоо менен мындан ары заманбап жана оперативдүү маалыматтары, терең изилденген курч репортаждары, жаңы рубрикалары менен окурмандардын сүймөнчүгүнө айланган басылма болот деген ишеничтебиз. Окурмандар менен менен бирге жолуңар узак, арышыңар кенен болсун, кесиптештер!
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ