Menu

Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жырылышы боюнча эки киши камалды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Сырдарыя облусунун Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жырылышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алгачкы жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.

Бул окуядан кийин эки кишиге кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 5-майда Сардоба суу сактагычындагы окуянын себепкерлери жазаланарын билдирген.

Аталган суу сактагычты курууга мамлекеттик бюджеттен 404,4 миллион АКШ доллары жумшалган.

Сардоба суу сактагычындагы дамба 1-майда жырылган. Натыйжада анын тегерегинде жашаган 70 миң киши коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөн. Суу коңшу Казакстандын аймагына да өтүп, Түркстан облусунун бир нече айылын каптаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: