Menu

Жаш балдарды мушташтырган Рамзан Кадыров

Бөлүшүү:

Чеченстандын Грозный шаарында өткөн жаш балдар арасындагы эрежесиз эр уруш орус коомчулугун экиге бөлдү. Президент Рамзан Кадыровдун туулган күнүнө карата Грозный шаарында өткөн мелдеште эң чоңу 10 жашта болгон ажонун үч баласы да катышкан. Кадыров өзү күбө болгон балдардын мушташын белгилүү мушкер Федор Емельяненко катуу сындаган.

Эрежесиз эр урушта Рамзан Кадыровдун 8, 9 жана 10 жаштагы балдарынын үчөө тең жеңишке жетишкен. Чоң уулу Ахмад атаандашын 14 секундда нокаут менен жеңген болчу. Ал эми жаш балдарга сыйлыкты чечен парламентинин спикери Магомед Даудов тапшырган.

Уруштар көрсөтмө деп аталганы менен чоңдордукунан эч айырмаланган эмес. Эч кандай коргоочу кийимдери жок рингге чыккан кичинекей балдар аёосуз мушташып бири-бирин канжалатканга чейин барышкан. Ошондой эле бут менен башка тебүүгө да уруксат берилген.

Эрежесиз эр уруштун расмий уюму ММАнын Орусиядагы башчысы Федор Емельяненко жаш балдарды мушташтырууга уруксат берилбегендигин айтып, Грозныйдагы мелдештин чоңдордукунан айырмаланбагандыгын айтып сындады. Анын айтымында, 12 жашка чейинки балдардын спорттун бул түрү боюнча мушташуусуна уруксат берилбегендигин, ал эми 21 жашка чейинкилердин коопсуздук сактоочу кийимдерди кийүүсү керектигин айтты. Өзүнүн социалдык баракчасында: «12 жашка чейинки балдар урушмак турсун көрүүчү катары да алынбашы керек. Бири-бирин канжалата уруп жаткан балдарды чоңдор кубануу менен колдоосу акылга сыйбас нерсе»,- деген Емельяненко мелдештин борбордук телеканалда көрсөтүлгөндүгүн да айыптады.

Рамзан Кадыровдун жакынындагы адамдар Емельяненконун дарегине катуу сындарды айтышса, орус мушкерин таламын талашкандар мушташка катышкан балдардын физикалык жана психологиялык жактан жабыр тартып калуусу толук мүмкүн экендигин белгилешти.

Азат Акаев

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: