20-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-3° үшүк, күндүз 3…8° жылуу, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт.
Мындай жаан-чачындуу аба-ырайы айыл-чарба, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Абанын температурасынын төмөндөшү жыйналбаган жашылчага, мөмө жемиштерге жана казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2016-жылдын 14-октябрында КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ